Бишкекте Макронго каршы митинг болуп өттү. Видео

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФранциянын президенти Эммануэль Макронду саясатына каршы митинг
Франциянын президенти Эммануэль Макронду саясатына каршы митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрдын башында Макрон өлкөдө Кудайга акарат келтирүү эркиндиги бар деп айткан. Француз президентинин позициясы ислам дүйнөсүндө терс реакция жаратып, француз товарларын бойкоттоо башталды.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Горький паркында Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршы митинг болуп өттү.

Нааразычылык акциясынын видеолору социалдык тармактарга тарап жатат.

Митингдин катышуучулары "Кыргыздар карикатурага каршы" жана "Карикатураларды токтотсун" деген жазуусу бар баннер, плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле митингдер Ош менен Жалал-Абадда өткөн.

Сентябрдын башында Макрон өлкөдө Кудайга акарат келтирүү эркиндиги бар деп айткан. Француз президентинин позициясы ислам дүйнөсүндө терс реакция жаратып, француз товарларын бойкоттоо башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0