Офистеги компьютер. Архив

Жай иштеген компьютерди тездетүүнүн 7 ыкмасы аталды

Адистер кайсы бир программаны колдонууга же тескерисинче, көчүрүүгө сунуш берди. Себеби алар компьютердин иштешине жалпы жонунан таасир этет.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Business Insider басылмасы жай иштеп калган компьютердин кыймылын тездетүүнүн жети жолун санап берди. 

Адистер кайсы бир программаны колдонууга же тескерисинче, көчүрүүгө сунуш берди. Себеби алар компьютердин иштешине жалпы жонунан таасир этет.

Адис: клавиатураны туура пайдаланбаса, көз менен тери жабыр тартат

  1. Компьютердин иштешинин начарлашы биринчи кезекте программага байланыштуу. Анын ылдамдыгын калыбына келтирүү үчүн алгач бир убакта иштей турган тиркемелердин санын азайтып, маанилүүсүн алып калуу керек. Кээде зарыл болгон тиркемелер көп орунду ээлеши мүмкүн;
  2. Браузерден жаңы терезелерин азыраак ачпасаңыз, компьютердин жалпы ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн;
  3. Компьютерден вирустар жана зыяндуу программалардын бар-жогун текшерип туруу керек;
  4. Техника жакшы иштеши үчүн күнүнө бир нече жолу өчүрүп-күйгүзүп, "эс алдырып" туруу кажет;
  5. SSD топтомосун көчүрүп алса, компьютер саналуу секундда ачылып, программаларды кыска убакытта ишке киргизет;
  6. Windows 10 операциялык системасындагы ReadyBoost функциясын колдонуу менен компьютердин ишин ылдамдатууга мүмкүн;
  7. Microsoft компаниясынын OneDrive булут сактагычынан баш тарткан оң, анткени сактоо кызматын дайыма синхрондоштуруу системанын ишин жайлатышы мүмкүн.
Белгилер:
программа, иш, компьютер
Тема боюнча
Компьютерте көп отургандар ден соолугун кантип сактаса болот. Кеңештер
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты