Кыргызстандагы коронавирус: 111 бейтап өтө оор абалда жатат

© AP Photo / Natacha PisarenkoМедициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруканаларга вирус жуктурган үч жарым миңге чукул бейтап жаткырылган. Ал эми амбулатордук дарылануудагы кишилердин саны төрт миңге жакындайт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жуктурган 3 441 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Стационарда жаткандардын 49у канааттандырарлык, 2 325и орточо, 956сы оор абалда. Ал эми 111 киши өтө оор абалда жатат.

Кыргызстанда коронавирустан беш адам кайтыш болду

Амбулатордук дарыланууда 3 941 киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0