Түндүкэлектр ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына кайрадан митингге чыгышты

Бишкекте энергетиктер кайрадан митингге чыгышты. Сүрөт

92
(жаңыланган 13:47 02.11.2020)
Чогулгандар мурдагы директорунун арыз жазган-жазбаганын али билише электигин айтып, мыйзамдуулукту талап кылышууда.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына кайрадан митингге чыгышты.

  • Митинг работников ОАО Северэлектро у дома правительства в Бишкеке. 02 ноября 2020 года
    "Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына кайрадан митингге чыгышты
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Митинг работников ОАО Северэлектро у дома правительства в Бишкеке. 02 ноября 2020 года
    Өткөндөгү каршылык акциясынын жыйынтыгында, мурдагы директордун иштен өз каалоосу менен кетүү жөнүндөгү арызынын түп нускасы митингчилерге көрсөтүлөт деген убада берилген.
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 2
© Sputnik / Эркин Садыков
"Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына кайрадан митингге чыгышты

Өткөндөгү каршылык акциясынын жыйынтыгында, мурдагы директордун иштен өз каалоосу менен кетүү жөнүндөгү арызынын түп нускасы митингчилерге көрсөтүлөт деген убада берилген.

"Биз дагы деле суроого так жооп ала элекпиз. Мурдагы директорубуз арыз жазган-жазбаганын билбейбиз", — дешти пикеттин катышуучуларынын бири.

Бишкектин Биринчи май жана Октябрь райондоруна жаңы аким дайындалды

"Түндүк электр" ишканасынын айланасындагы чуу

30-октябрь күнү эртең менен Улуттук энергетикалык холдингдин жанына 40ка жакын адам чогулган. Алар "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болуп чыгышкан.

Митингчилердин айтымында, Астаркулов кылмыш иштин фигуранты болуп саналат.

Ошол эле күнү алар өкмөт үйүнүн алдына барып, Садыр Жапаровдун чыгышын талап кылышкан. Чогулгандар менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев жолуккан.

Энергетиктер ага "Түндүк электр" ишканасынын мурдагы башчысы Доскул Бекмурзаев кызматтан мыйзамсыз кеткенин билдиришкен. Алардын айтымында, мурдагы жетекчи арызды 28-октябрь күнү жазса, жаңы жетекчи жамаатка бир күн мурда тааныштырылган.

Ташбаев Бекмурзаевди 28-октябрдан тарта кызматтан бошотуу боюнча чечим бар экенин кабарлаган.

Бирок акциянын катышуучулары мурдагы башчы кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазбаганын айтышып, ишкана башчысы мыйзамсыз дайындалганын билдиришкен.

Ташбаев жумуштан кеткен аткаминер чечим менен макул болбосо, сотко кайрыла алат деп түшүндүргөн.

92
Белгилер:
кызмат, митинг, "Түндүк Электр" ишканасы
Тема боюнча
Бишкекте митингге чыккан энергетиктер эмнеге нааразы? Видео
Кыргызстандын желеги. Архив

Өкмөт эгемендүүлүк майрамында кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

8
(жаңыланган 20:26 15.05.2021)
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Министрлер кабинети эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата
кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов аталган күндү майрамдоо боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрүп жатканда сөз болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, республиканын түптөлүшүнүн 30 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын планына Бишкек шаарында жана аймактарда өткөрүлчү 100дөн ашуун иш-чара киргизилген.

“Кеңешменин жүрүшүндө өлкө президентинин кайрылуусуна ылайык, планга кыргыз элинин бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү киргизүү сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы 30 жылдыкты майрамдоо боюнча иш-чаралар планын толуктап иштеп чыгууну жана сын-пикирлерди эске алуу менен үч күндүн ичинде уюштуруу комитетинин талкуулоосуна сунуштоону тапшырды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, юбилейлик датага карата театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулуп, бир катар ири көргөзмөлөр жана ат оюндары өткөрүлөт. Ошондой эле улуу Кыргыз каганатынын түзүлүшүнөн баштап, азыркы мезгилге чейинки басып өткөн жолу тууралуу сүрөт китебин түзүү пландаштырылууда.

Марипов белгилегендей, бардык иш-чаралар республикадагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык жүргүзүлүшү керек.
Буга чейин президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөргөн. Анткени жаңы Конституцияга Курултай институту тууралуу киргизилген.

8
Белгилер:
план, курултай, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү, майрам, Улукбек Марипов, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

Минутасына 25 миң сөз окуйт. Өзгөчө ыкма тапкан Элланын өнөрү видеодо

15
(жаңыланган 20:06 15.05.2021)
Элла Зарылбекова мүнөтүнө 25 миң сөз, жарым саатта бир китеп окуй алат. Ал Кыргызстанда биринчилерден болуп тез окуу курсун ачып, мындай ыкманы 3000дей адамга үйрөткөн. Анда 8 жаштан 49 жашка чейинки курактагылар окуп жатат.

Элла 21 жашта, учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин 4-курсунун студенти.

Буга чейин Кыргызстанда орус тилинде гана тез окуу курстары бар болчу. Ал алгачкылардан болуп кыргызча ылдам окууну үйрөтүп жатат.

Анын курсунда окугандардын алды мүнөтүнө 42 миң сөз окуганга жетишкен.

"Көпчүлүгү "мүнөтүнө 25 миң сөздү кантип айтып жетишесиң?" деп сурашат. Мындай сырттан окулбайт, адам баласы ашып кетсе минутасына 300 эле сөздү сүйлөп же окуп жетише алат. Тез окуу бир катар көнүгүүлөрдүн натыйжасында көрүү талаасынын кеңейүүсү менен жүргөн процесс болуп саналат. Бир убакытта эле эки сөздөн, эки саптан, бир абзацтан, ошондой эле бир бетти бир карап эле окуу деңгээлине жетсе дагы болот", — деп түшүндүрдү Зарылбекова.

Каарман ушул кезге чейин 4000ге жакын китеп окуганын, үйүндө чакан китепканасы бар экенин айтат. Өзү бала кезинен эле көп окуп, ал эми тез окууну интернеттен карап эле үйрөнүп, ыкмаларын алты айда өздөштүргөн.

"Окуу методикасын үйрөнүп, иштеп чыкканга алты ай убакыт короду. Ошол ыкманы колдонгон бир окуучум 12 күндө эле менден озуп кетти. Ал мүнөтүнө 42 миң сөз окуп, анын маанисин 70-75 пайызга түшүнүп калды. Бул да жакшы деңгээл. Мен тез окуганда 80-85, жеңил китептер болсо 90 пайызга чейин түшүнөм", — деди Зарылбекова.

Ошондой эле ал тез окуу маалыматтарды бат кабыл алууга өбөлгө түзөрүн, айрыкча бүтүрүүчүлөргө Жалпы республикалык тестирлөөдө чоң пайдасы тиерин кошумчалады.

Элла Зарылбекова бир эле учурда университетте окуп, курста сабак өтүп жана борбор калаадагы китеп дүкөндөрүнүн биринде администратор болуп иштейт. Жаш экенине карабай өзүн-өзү каржылап, ата-энесине да каралашып турат.

15
Белгилер:
студент, окуучу, китеп, окуу
Тема боюнча
Короосуна кафелдин 70 түсү менен сүрөт тарткан Бегимгүл. Аксылык кыздын маеги
Шыктандырат! Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү чакан бизнес ачканда. Видео
Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам