Бишкек өкмөт үйүнүн алдында үчүнчү митинг башталды. Ага Дордой базарынын сатуучулары чыкты

Бишкектеги бир күндөгү үчүнчү митинг: эми "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты

121
(жаңыланган 13:58 02.11.2020)
Чек ара көйгөйүнө байланыштуу товарларын алып кире албай жаткан ишкерлер 1-ноябрдан тарта салык төлөбөй турганын айтышкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында үчүнчү митинг башталды. Ага "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты.

Нааразычылык акциясындагылар иши таптакыр жүрүшпөй жатканын айтып, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктундагы товарларды өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

У здания правительства митинг продавцов рынка Дордой
© Sputnik / Эркин Садыков
Бишкек өкмөт үйүнүн алдында үчүнчү митинг башталды. Ага "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты

Эске салсак, "Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү тармактары" ассоциациясынын президенти Дамира Дөөталиева өткөн аптада өкмөттү Кытайдан товар ташуу боюнча көйгөйдү тез арада чечип берүүгө чакырган. Анын айтымында, буга чейин "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пунктуларында суткасына 300дөй жүк ташуучу автоунаа өтчү. Учурда бештен ашпаган автокөлүк араң өтүп жатат, себеби түшүнүксүз. Мындан улам ишкерлер бир топ көйгөйлөргө кептелүүдө.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень пандемия шартына байланыштуу жүк өткөрүү алгоритминде көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, 6-ноябрь күнү эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугарын билдирген.

Бишкекте энергетиктер кайрадан митингге чыгышты. Сүрөт

Белгилей кетсек, ушул тапта борбор калаадагы өкмөт үйүнүн алдында, эски аянтта эки митинг болуп жатат. Биринчиси "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниянын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болуп чыгышса, экинчи топ аны колдоодо.

 

121
Белгилер:
базар, митинг, өкмөт, Бишкек
Тема боюнча
Өкмөткө чек ара маселесин чечүү үчүн "Кытайга жүгүнүп баруу" сунушталды
Садыр Жапаров Кытай элчиси менен чек арадан товар өткөрүү маселесин талкуулады
Тез жардам кызматы. Архив

ТИМ: Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

17
(жаңыланган 13:12 14.05.2021)
Кырсыктаган кызды оор абалда Санкт-Петербургдагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан капыстан кулап кетип ооруканада жаткан кыргызстандык 11 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

17
Белгилер:
кыз, операция, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

6
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

6
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
Токтогул суу сактагычы. Архив

Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө

0
(жаңыланган 13:25 14.05.2021)
Быйыл суу сактагычтагы суу кескин азайып кеткендиктен жээкке адамдардын сөөктөрү чыгып, суу алдында калган курулуштардын калдыктары көрүнүп калган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14-майга карата 9 миллиард 605 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасы кабарлады.

Ишкананын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, учурда суу сактагычка секундасына 1 085 куб метр суу агып кирүүдө. Ал эми агып чыккан суунун көлөмү 251 куб метрди түзөт.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткендиктен жээкке адамдардын сөөктөрү чыгып, суу алдында калган курулуштардын калдыктары көрүнүп калган.

Жакында эле Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Токтогул суу сактагычына барып, объектинин азыркы абалын жеринен видеого тартып келген.

Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат. Минималдуу деңгээл 5,5 миллиарддга чейин болушу керек.

0
Белгилер:
суу сактагычы, Токтогул ГЭСи, деңгээл, суу, электр энергиясы