Жогорку Кеңештин имаратынын (Ак үй) алдында нааразылыгын билдирип, бир нече талаптарды кагазга жазып көтөрүп алып, аялдар турат.

4-митинг. Ак үйдүн алдына аялдар нааразычылык акциясына чыккан видео

(жаңыланган 14:42 02.11.2020)
Бүгүн Бишкекте бир нече чакан митингдер өтүп жатат. Алардын төртүнчүсүнүн уюштуруучулары Ак үйдүн алдына нааразычылык менен чыккан кыз-келиндер болду.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратынын ("Ак үй") алдында нааразылыгын билдирип, бир нече талаптарды кагазга жазып көтөрүп алып аялдар турат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымына караганда, акциянын катышуучулары "Айымдар кыймылынын" өкүлдөрү. Плакаттагы жазууларга караганда, алар Кыргызстандагы мыйзамсыздыкка, саясий куугунтуктоолорго каршы чыккан.

Митингдегилердин бири, маркум, атактуу каскадер Үсөн Кудайбергеновдун карындашынын айтымына караганда, ал мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Нурлан Темирбаевдин акталып чыгышына нааразы болуп, ушул жерге келген.

Эске салсак, аны октябрдын аягында сот эркиндикке чыгарган.

Бишкектеги бир күндөгү үчүнчү митинг: эми "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты

Учурда болуп жаткан митингден алыс эмес жайгашкан өкмөт үйүнүн алдында дагы үч нааразычылык акциясы өтүп жатат. Экөө "Түндүк электр" ишканасынын жаңы жана эски жетекчилерин колдоп чыккан тарапташтары, дагы бирөө саясий туруксуздуктун айынан соодасы үзгүлтүккө учурап, нааразы болгон ишкерлер, "Дордой" базарынан келгендер.

Белгилер:
митинг, нааразычылык акциясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги бир күндөгү үчүнчү митинг: эми "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты
Энергетиктер митинги: Өкмөт үйүнүн алдына жаңы жетекчисин колдогондор да чыгышты
Бишкекте энергетиктер кайрадан митингге чыгышты. Сүрөт
Бишкектеги аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жума күнүнө карата аба ырайы

23-апрелге караган түнү Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде үшүк жүрүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Кыргызстандын аймактарына кар түштү. Видео жана сүрөттөр

Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео

(жаңыланган 20:54 22.04.2021)
Кыргызстанга россиялык "Спутник V" вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык "Манас" аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

"Бүгүн биз "Спутник V" вакцинасын алдык. Бул препараттын эффективдүүлүгү 98 пайыз болгондуктан аны бүт дүйнө тааныды. Учурда "Спутник V" вакцинасына дүйнө жүзү боюнча талап күч. Биз 20 миң доза алдык, анын 15 миңин сатып алсак, калганы гумжардам катары берилди", — деди Бейшеналиев.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко вакцинаны жеткирүү көлөмү дагы көбөйтүлөрүн айтты.

"Бул партияны уюштуруу үчүн убакыт керек болду. Анткен менен вакцинаны өндүрүү көбөйтүлсө дагы да жеткирилет. Кыргызстан келерки күздү толук даярдык менен тосуп алат. Республика жалпы жонунан миллион доза алууну пландап жатат. Анын жарымы гумжардам катары берилет", — деди Удовиченко.

Ал эми биринчи вице-премьер Артём Новиков вакцина сатып алуу үчүн бюджетте ресурстар каралганын, мамлекет көлөмдү көбөйтүүгө даяр экенин белгиледи.

"Россия берген жүктүн жарымы гумжардам болуп эсептелет. Бул Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ишенимди, достукту жана стратегиялык өнөктөштүктү билдирет", — деди Новиков.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, биринчи партиянын бир дозасы 10 доллардан турду. 20 миң доза 10 миң кишиге жетет.

Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, Артем Новиков, Николай Удовиченко, Спутник V, вакцина, Россия, Кыргызстан
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты