Кредиттик мунапыс бергиле! Бишкекте бешинчи митинг башталды. Видео

© Sputnik / Эркин СадыковНасыя берчү компаниялардын ишине нааразычылык акциясы
Насыя берчү компаниялардын ишине нааразычылык акциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт үйүнүн алдына болжол менен 40тай адам келген. "Чакан кредиттик компаниялар жабылсын", "Кредиттик мунапыс талап кылабыз", "Банктар жалгыз тамды албасын" деген маанидеги сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте бүгүнкү күндүн эсебинен бешинчи митинг башталды. Өкмөт үйүнүн алдына чогулган дагы бир топ чакан насыя берчү компаниялардын ишине нааразы болуп, кредиттик мунапыс талап кылууда.

Ал жерге болжол менен 40тай адам келген. Колдорунда "Чакан кредиттик компаниялар жабылсын", "Кредиттик мунапыс талап кылабыз", "Банктар жалгыз тамды албасын" деген маанидеги сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп жүрүшөт.

Бишкектеги бир күндөгү үчүнчү митинг: эми "Дордой" базарынын сатуучулары чыкты

Ошол жерде жүргөн Sputnik кабарчысынын билдиргенине караганда, арасында насыядан кутулуу мөөнөтүн узартып берүүнү жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдагуловдун отставкасын талап кылгандар дагы бар.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте, мындан тышкары, төрт митинг өтүүдө. Алар: "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болгондор, аны колдогондор, кыргыз-кытай чек арасынан жүктү өткөрүү көйгөйү жанына баткандар, "Дордой" базарынын сатуучулары жана саясий куугунтукка каршы болгон "Айымдар кыймылынын" акциясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0