БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы кагылышуудан жабыркап комада жаткан жигит ойгонду. Бирок абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековго таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, бүгүн, 2-ноябрь күнү, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордук аянттагы митингде жаракат алгандардын абалы менен таанышуу үчүн Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна барган.
Министр комада жаткан 24 жаштагы жигиттин абалынан да кабар алган.
Оорукана жетекчиси Сабырбек Жумабековдун айтымында, бейтаптын ден соолугунда бир аз жылыш бар.
"Ал комадан чыкты. Бүгүн аны нейротравма бөлүмүнө которобуз. Бирок анын абалы оор бойдон калууда, реабилитацияга көп убактысы кетип калат", — деди дарыгер.
Жумабеков, андан сырткары, ооруканада митингден жабыркаган жети адам жатканын айтып, алардын абалын туруктуу деп баалады. Бардыгы тең медициналык жардамды акысыз алышууда.
Бейтаптардын абалы менен таанышкандан кийин министр керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү улантуу тапшырмасын берген.
Митингде бир көзүнөн айрылган Уларбектин таежеси: экинчи көзү да коркунучта
Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ал күнү ооруканага 1 250 адам кайрылып, анын 279у ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө анын жетөө акысыз медициналык жардам алуусун улантып жатат. Башкалары амбулатордук шартта дарыланууга чыгарылган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбай, мыйзам бузууларды укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда шаарда абал туруктуу. Коомдук транспорт катышкан кырсыктар сутка ичинде катталган эмес.
"Бишкектин милициясы калаа тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, коомдук тартипти көзөмөлгө алат. Кечээ айрым маршруттук унаалардын айдоочулары жумушка чыккан жок. Бирок көпчүлүгү графиктин негизинде иштеп, элди ташыды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция жарандарды бул окуяга байланышкан мыйзам бузуулар боюнча 102 номерине билдирүүгө чакырып, анонимдүүлүккө кепилдик болорун убада кылды.
Муниципалитеттен билдиргендей, кечээ эртең менен баш калаадагы 1 350 кичи автобустан болгону 400-500ү гана жумушка чыккан. Шаардык транспорт башкармалыгы күндүз маршруттук линиялардын 90 пайызы штаттык режимде иштеп жатканын билдирген. Кечинде аялдамада транспорт күткөндөр көбөйгөн. Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев маршруткаларга байланышкан маселе турукташканын, маселе жол тыгындарында болушу мүмкүн экенин айткан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.