БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Баткендеги иш сапарында билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Жапаров облустагы Көк-Таш — Тамдык жана Ак-Сай — Рават, андан тышкары, Аксай — Рават унаа жолдорунун курулушу менен таанышкан. Муну менен катар Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган көпүрөнүн курулушун көргөн. Унаа жолдор менен көпүрөнүн жергиликтүү калк үчүн маанилүү экендигин айткан.
Чечилбеген көйгөй болбойт! Жапаров Чек ара кызматынын төрагасына жолукту
Садыр Жапаров курулуштардын сапатына көзөмөл кылуу тапшырмасын берип, ошондой эле Баткен элинин акыбалы жана чек арадагы каармандыгы өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын белгилеген.
"Элдин жашоосу, чоңдордун бул аймакка дээрлик аз келиши, бүтпөгөн чек ара чырлары — дайыма менин көңүл чордонумда турат. Баткен — Кыргызстандын картасындагы эң алыскы жана эки мамлекет менен чектешкен саясий стратегиялык аймак. Ошондуктан мамлекеттик чек аранын сакталышы үчүн Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурууга милдеттүүбүз", — деген Жапаров.
Ал арада президенттин милдетин аткаруучунун Баткен шаарындагы стадиондо миңден ашуун адам менен жолуккан сүрөттөрү тарады.
Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 2-4-ноябрь күндөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырат.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.