Балбак Түлөбаев: Бишкекте COVID ноябрь айынын ортосунда жогорку чегине жетет

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбак Түлөбаевдин айтымында, мурдагыдай шаарды жаап салуу мүмкүн эмес. Анткени эл кыйналып калат. Азыр бизди бет кап менен санитайзерлер гана сактап калат деп эсептейт ал.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү 15-20-ноябрь аралыгында болот деп күтүлүүдө. Бул тууралуу божомолду шаар жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, калаада COVID боюнча абал оор деп айтууга болбойт.

"Коронавирус жуктургандардын саны боюнча эң жогорку көрсөткүч ноябрь айынын ортосуна туш келет. Эгер ошол учурда деле абал азыркыдай болсо, демек экинчи толкундан мурункуга салыштырмалуу тынчыраак өтүп кетебиз. Мурдагыдай шаарды жаап сала албайбыз, эл кыйналып кетет. Азыр бизди бет кап менен санитайзерлер гана сактап кала алат”, — деди ал.

Кыргызстанда коронавирустан беш адам кайтыш болду

Ошондой эле Түлөбаев ири базарларда иштеген жарандарга гриппке каршы вакцина саюу сунушун киргизди. Маселе акимдердин көзөмөлүндө.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, Бишкек шаарында вирус жуктургандардын саны жалпысынан 20,5 миңден ашты. Акыркы бир ай ичинде күн сайын 100дөн ашык учур катталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0