Бишкек менен Ош шаарынан Новосибирскиге учак каттай баштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүү"S7" авиакомпаниясынын учагы. Архив
S7 авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аптасына бир ирет Бишкек — Москва багыты менен "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик” компанияларынын учактары каттап жаткан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкек жана Ош шаарларынан Россиянын Новосибирск шаарына туруктуу авиакаттамдар жаңыланып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, "S7" авиакомпаниясынын билеттерин каалаган адам сатып алса болот. Учактар Бишкек — Новосибирск багыты менен жума күндөрү, Ош — Новосибирск багыты менен бейшемби күндөрү учат.

Эске салсак, буга чейин аптасына бир ирет Бишкек — Москва багыты менен "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик” компанияларынын учактары каттап жаткан.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекетке учканга үч күн калганда жасалышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0