КРдин Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү иш убактысын узартты

© Sputnik / Алексейс СтефановсКыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми бөлүм иш күндөрү саат 08.30дан 20.30га чейин, ишемби күнү саат 10.00дөн 14.00гө чейин иштейт. Россиянын алыскы аймактарынан келген жарандар алдын ала жазылуу менен кабыл алынат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүндө жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы узартылды. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Буга жалпы жарандык паспортун алуу жана алмаштыруу боюнча келип түшкөн кайрылуулардын кескин көбөйүшү себеп болууда.

Эми бөлүм иш күндөрү саат 08.30дан 20.30га чейин, ишемби күнү саат 10.00дөн 14.00гө чейин иштейт. Россиянын алыскы аймактарынан келген жарандар алдын ала жазылуу менен кабыл алынат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө автотранспортко электрондук паспорт бериле баштайт

Аймактардан келген жарандар консулдук бөлүмгө 4992385069@mail.ru электрондук дареги аркылуу жазылып, тизмесине кирсе болот.

Белгилей кетсек, элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу жана алмаштыруу үчүн кабыл алды. Өткөн жылдын ушул мезгилине аталгандай өтүнүч менен элчиликке 320 жаран кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0