Бишкекте ижарачылар мэрияга 380 млн. сом карыз

Жазылуу
Бишкек муниципалитети келишимдеги шарттарды так аткарбаган ижарачылар менен иштешүүнү токтоткону жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте 223 ижарачы бюджетке 380 миллион сомдон ашык карыз болгонун муниципалитеттен билдиришти.

Мындан улам мэрия аларды келишимдин негизинде карыздарынан эртерээк кутулууга чакырат. Бүгүн шаар жетекчилиги ижарага алган жер тилкелерин туура эмес максатта пайдаланып, ошол эле учурда ижарасын төлөбөй келген жарандар менен келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну пландап жатат.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдү курууда ишкерлер мэрияга бир нече батир бериши керектиги айтылат. Кийин муниципалитет аны муктаждарга бөлүштүрөт. Учурда турак жай алуу үчүн кезекте 3500 шаардык турат.

Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, шаарда көп кабаттуу үй курууга 35 жер тилке бөлүнгөн. Бул жерлерге курулган турак жайдын 10 пайызы мэрияга тиешелүү болуусу шарт. Бирок 2-ноябрдагы маалыматка караганда, төрт гана келишим түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0