Тез жардам кызматынын дарыгери

Өлкөдө 400 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 60 миңден ашты

103
(жаңыланган 11:23 03.11.2020)
Бир сутка ичинде жуктургандарга салыштырмалуу айыккандардын саны 147 адамга көп болгон. Бирок оору аныкталган учурлардын саны өлкөдө 60 миңден ашты.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 400 кишиден коронавирус табылды. Ошол эле учурда 547 адам ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 88;
  • Ош – 9;
  • Чүй облусу – 59;
  • Ош облусу – 33;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 97;
  • Баткен облусу – 68.

Кийинки жумада Гансиде COVID-19га чалдыккандар үчүн 250 орун даярдалат

Айыккандар:

  • Бишкек – 125;
  • Ош шаары – 22;
  • Чүй облусу – 65;
  • Ош облусу – 117;
  • Талас облусу – 12;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 96;
  • Баткен облусу – 66.

COVID-19 дагы төрт кишинин өмүрүн алып кетти

Жалпы статистиканы карай турган болсок, КРде коронавирус жуктургандардын саны 60 279га жетти. Анын ичинен 51 288 адам ооруну жеңди. Тилекке каршы, дарт 1 159 адамдын өмүрүн алган.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Алардын үчөө Баткенде, бирөө Ош облусунда жана Чүйдө бирөө. Ошол эле маалда 19 медик ооруну жеңип чыккан.

103
Белгилер:
статистика, бейтап, медик, оору, коронавирус
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев: Бишкекте COVID ноябрь айынын ортосунда жогорку чегине жетет
COVID-19 дагы төрт кишинин өмүрүн алды
Казакстан өз аймагына кирип-чыгуу шарттарын катуулатты
Баланын колун кармаган аял. Архивдик сүрөт

Өгөй атасы сабады деген жеткинчек. Энеси уулунан баш тарткан эмес

11
(жаңыланган 18:24 02.12.2020)
Айрым ЖМКлар жактоочу Шердор Абдыкапаровдун айтымына таянып, өгөй атасынын колунан запкы жеген баладан энеси баш тартып койгонун жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өгөй атасы сабады деген баланын энеси уулунан баш тарткан эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бала жана үй-бүлөгө социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Мира Шарапова билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКлар жактоочу Шердор Абдыкапаровдун айтымына таянып, өгөй атасынын колунан запкы жеген баладан энеси баш тартып койгонун жазып чыгышкан. Анда жеткинчекке чоң энеси камкорчу болору айтылган.

Шарапованын айтымында, баланын энеси уулун өзүнүн апасына убактылуу карап турууга гана берген. 

"Энеси уулунан баш тарткан эмес. Болгону убактылуу карап турсун деп гана апасына берген. Өзү мурда иштеп жүргөндө баласын апасы карашчу экен. Жеткинчек таенесинин колунда чоңоюп калгандыктан Ат-Башыга жиберген. Учурда алар менен министрликтин райондогу башкармалыгынын кызматкерлери иштешип, көзөмөлгө алышкан", — деди Шарапова.

Эске салсак, буга чейин Сокулук районунда өгөй атасы сабаган алты жаштагы баланын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Маалыматты жеткинчектин апасы тараткан. Андан соң эркек кишини милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок баланын апасы кош бойлуу экенин айтып, кайра тосмо арыз жазып, жолдошун чыгарып коюуну суранган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова тосмо арызга карабастан министрлик баланын өгөй атасы менен соттошорун белгилеген.

Кийинчерээк сот шектүүнү эки айга өлкөдөн чыгарбоо чечимин кабыл алган.

11
Белгилер:
камкордук, баш тартуу, эне, бала, ата, өгөй ата
Тема боюнча
Сот жеткинчекти сабады делген өгөй атанын баш коргоо чарасын тандады
Министрлик тосмо арызга карабай сабалган баланын өгөй атасы менен соттошот
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты

42
(жаңыланган 17:56 02.12.2020)
Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанга кирген гумжардамдар кайда жумшалганы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин отчёту чийки экенин айтып, иликтөө жүргүзүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева гуманитардык жардам тууралуу отчёт берүү маселеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Чиновник бүгүн Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

"Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына алган гуманитардык жардамдар боюнча толук отчёт берүү тапшырмасы берилген. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Бирок берилген отчёт толук эмес жана айрым пунктулар түшүнүксүз. Мисалы, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык медициналык мекемелерге кандай конкреттүү медициналык буюмдар жеткирилген? Ош облусу боюнча кандай чыгымдалуучу материалдар, канча тест-система алынды? Жер-жерлерге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттын, концентраторлордун, рентген-аппараттардын канчасы жеткирилди? Отчётто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынып, тиешелүү тартипте белгиленген эмес? Жарандардан, донорлордон жана ыктыярчылардан алынган бардык жардамдар кылдаттык менен изилденет", — деди ал.

Сурабалдиева отчёттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады.

42
Белгилер:
отчет, донор, коронавирус, штаб
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген