Ошто Садыр Жапаров эмнеге миңдеген элди жыйнап жолугуп жатканын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка и.о. президента Садыра Жапарова в Баткенскую область
Рабочая поездка и.о. президента Садыра Жапарова в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров учурда Ош шаарынын борбордук стадионунда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, суроолоруна жооп берип жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн түштүк аймагында COVID-19дан дагы коркунучтуу эки нерсе бар, ошондуктан эл менен жүзмө-жүз көрүшүп жатам. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Ош облусунун эли менен жолуккан учурда билдирди.

Биринчи коркунуч — чек арадагы кооптуулук, экинчиси — улуттар аралык жаңжал чыгып кетүү деген пикирин айткан.

"Бул нерсени телевидение аркылуу да айтып, элге кайрылсак болмок. Бирок сиздер менен жүзмө-жүз көрүшүп маселени жеринен көрөйүн деп келип жатабыз", — деди Жапаров.

Кылкылдаган эл. Жапаровдун Баткендеги сапарындагы жолугушуунун сүрөтү

Жапаров учурда Ош шаарынын борбордук стадионунда жергиликтүү тургундар менен жолугуп, суроолоруна жооп берип жатат. Бүгүн да миңдеген адам жыйналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0