Ак үйдүн алдында Айымдар кыймылы деп аталган уюмдун өкүлдөрү турат

Кечээ Бишкекте катары менен 6 митинг өттү. Калаадагы бүгүнкү абал

49
(жаңыланган 17:00 03.11.2020)
2-ноябрда ордо калаада алты митинг өттү. Анын төртөө өкмөт үйүнүн алдында болсо, бирөө Ак үйдүн тушуна уюштурулган. Дагы бир митинг УКМКнын жанында болду.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте дагы бир митинг өтүүдө. Башка нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

  • Бүгүн Бишкекте дагы бир митинг өтүүдө. Башка нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди
    Бүгүн Бишкекте дагы бир митинг өтүүдө. Башка нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Анын айтымында, Бишкектеги спорт мектептердин бирин жетектеген адамдын кызматтан кетишин талап кылгандар Дене тарбия жана спорт агенттигинин жанына чогулган, бирок алар тез эле тарап кеткен. Анткен менен Коррупциясы жок спорт деп кыргыз, орус тилдеринде жазылган плакаттары ошол жерде калган
    Анын айтымында, Бишкектеги спорт мектептердин бирин жетектеген адамдын кызматтан кетишин талап кылгандар Дене тарбия жана спорт агенттигинин жанына чогулган, бирок алар тез эле тарап кеткен. Анткен менен "Коррупциясы жок спорт" деп кыргыз, орус тилдеринде жазылган плакаттары ошол жерде калган
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Өкмөт үйү, УКМК жана Жогорку соттун имараттарынын алдында эч ким жок
    Өкмөт үйү, УКМК жана Жогорку соттун имараттарынын алдында эч ким жок
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Өкмөт үйү, УКМК жана Жогорку соттун имараттарынын алдында эч ким жок
    Өкмөт үйү, УКМК жана Жогорку соттун имараттарынын алдында эч ким жок
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Ак үйдүн (Жогорку Кеңештин имараты) алдында эки күндөн бери Айымдар кыймылы деп аталган уюмдун өкүлдөрү турат. Алар саясий куугунттукка нааразы болуп, жаңы бийлик сөз берген люстрацияны талап кылышууда
    Ак үйдүн (Жогорку Кеңештин имараты) алдында эки күндөн бери "Айымдар кыймылы" деп аталган уюмдун өкүлдөрү турат. Алар саясий куугунттукка нааразы болуп, жаңы бийлик сөз берген люстрацияны талап кылышууда
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 5
© Sputnik / Эркин Садыков
Бүгүн Бишкекте дагы бир митинг өтүүдө. Башка нааразычылык акциясынын катышуучулары тарап кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди

Анын айтымында, Бишкектеги спорт мектептердин бирин жетектеген адамдын кызматтан кетишин талап кылгандар Дене тарбия жана спорт агенттигинин жанына чогулган, бирок алар тез эле тарап кеткен. Анткен менен "Коррупциясы жок спорт" деп кыргыз, орус тилдеринде жазылган плакаттары ошол жерде калган.

Өкмөт үйү, УКМК жана Жогорку соттун имараттарынын алдында эч ким жок.

Ак үйдүн (Жогорку Кеңештин имараты) алдында эки күндөн бери "Айымдар кыймылы" деп аталган уюмдун өкүлдөрү турат. Алар саясий куугунттукка нааразы болуп, жаңы бийлик сөз берген люстрацияны талап кылышууда.

"Дордойдун" сатуучулары өкмөт үйүнө күч менен кирүүгө аракет жасашты. Видео

Бишкектеги алты митинг

Кечээ ордо калаада катары менен алты митинг өттү. Алар: "Түндүк электр" ишканасынын директорлор кеңеши компаниясынын жетекчилигине Улан Астаркуловдун дайындалганына нааразы болгондор, аны колдогондор, кыргыз-кытай чек арасынан жүктү өткөрүү көйгөйү жанына баткандар, "Дордой" базарынын сатуучулары жана саясий куугунтукка каршы болгон "Айымдар кыймылынын" акциясы. Булардан тышкары, өкмөт үйүнүн алдына чогулган дагы бир топ чакан насыя берчү компаниялардын ишине нааразы болуп, кредиттик мунапыс талап кылышкан.

Андан кийин ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары митингге чыккан. Алар Асановду эркиндикке чыгарууну талап кылышкан.

49
Белгилер:
өкмөт үйү, Ак үй, акция, митинг, Бишкек
Тема боюнча
Митингдеги кагылыштан улам комага түшкөн жигит ойгонду, бирок абалы оор
Кредиттик мунапыс бергиле! Бишкекте бешинчи митинг башталды. Видео
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив

Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти

46
(жаңыланган 10:14 27.11.2020)
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда COVID-19га чалдыккан 2 875 бейтап жатат. Анын ичинен 115 адамдын абалы өтө оор.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.

46
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, дарылануу, өлүм, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика
Лаборатория кызматкери. Архив

Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика

71
(жаңыланган 10:09 27.11.2020)
Оору илештиргендердин саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 377 кишиден табылып, 402 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандардын саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 100;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 127;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 30.

Айыккандар:

  • Бишкек – 122;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 75;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 49.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти.

Бир сутка ичинде жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

  • Чүй облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада үй карантининен төрт, стационардан төрт медкызматкер чыгарылды.

71
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Баткенде "Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта" акциясы башталат
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

41
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

41
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди