ТИМ: Венадагы терактыдан жабыркаган кыргызстандыктар жок

© AP Photo / Ronald ZakВенадагы окуя болгон жерде куралдуу полиция кызматкерлери
Венадагы окуя болгон жерде куралдуу полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Венадагы терактынын кесепетинен жаракат алган же каза болгон кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Мунун кесепетинен төрт адам набыт болуп, 18 адам жаракат алган. ЖМКларга чыккан соңку маалымат боюнча, дагы бир киши каза тапты.

"Австриядагы элчиликтин маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Дагы деле кооптуулук күчүндө болуп жаткандыгын эске алып, Венада жүргөн мекендештерге мүмкүн болушунча коомдук транспортторго түшпөй жана эл көп чогулган жерден оолак болууну сунуштайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ТИМ кыргызстандыктар үчүн Венадагы дипломатиялык өкүлчүлүктө түз байланыш номери күнү-түнү иштеп жатканын эскертти: +43 (676) 626-94-93.

1 368 жылга кесилди. Стамбулда 39 адамды өлтүргөн өзбекстандык кишиге өкүм чыкты

Маалыматтар боюнча, теракттык чабуулга жети адам катышкан. Алардын бири күч түзүмдөрү тарабынан жок кылынып, калганы качып кеткен. Полиция издөө иштерин улантууда. Өлкөнүн ички иштер министри Карл Нехаммер өлтүрүлгөн террор "Ислам мамлекети" уюмунун тарапташы болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0