Ооруканадагы медициналык кызматкерлер. Архив

Министрлик: коронавирусту дарылоонун 5-протоколу даярдалууда

79
Пульмонолог коронавирус менен ооруп калгандарды табып, эмчи-домчуларга барбоого чакырып, дарыгерге гана кайрылууну өтүндү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Коронавирусту дарылоонун 5-протоколун даярдап баштадык. Ал эки жумадан кийин бүтүп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, жаңы протокол даярдоодо буга чейинки кемчиликтердин баары эске алынат.

"Процесс жаңы эле башталды. Жаңы протоколго коронавирусту үйдөн, стационардан кантип жакшылап, натыйжалуу дарылаш керектиги боюнча сунуштамалар кошулат. Ошондой эле сасык тумоо менен коронавирус бир учурга дал келип калганда, дарылануу жолдору кошумчаланып жазылат. Мындан башка дагы жаңы нерселер менен толукталат. Азыр бейтаптарды төртүнчү протоколдун негизинде гана дарылап жатабыз", — деди Сооронбаев.

Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!

Ал ооруп калгандарды табып, эмчи-домчуларга барбоого чакырып, дарыгерге гана кайрылууну өтүндү.

79
Белгилер:
бейтап, оору, ыкма, протокол, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2405)
Тема боюнча
COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
COVID-19: вирусолог кырдаал качан жакшырарын боолголоду
Автоунаа номери. Архив

Мамкаттоо 604 миң сомго автоунаанын бир номерин жана эки "ХАН" сатты

10
(жаңыланган 14:45 24.11.2020)
Мамкаттоо 7-декабрга автоунаалар үчүн 700дөн ашык өзгөчө номер сатууну пландап жатат. Аукционго бардык айдоочулар катыша алат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаага тагылуучу "01 888 BBB" сериялык номери аукциондо 604 000 сомго сатылды. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Кечээ, 23-ноябрда, nomer.srs.kg порталында сандар менен тамгалардын өзгөчө айкалышындагы автономерлерди сатуу боюнча онлайн-аукцион өткөрүлдү. Аталган номер 80 миң сом баштапкы сумма менен аукционго коюлган.

"Жалпысынан өзгөчө номерлерди сатуу боюнча 14 аукцион пландаштырылган. Анын жарымы ээсин тапты. Беш номерди бишкектиктер, экөөнү Жалал-Абад облусунун "04" аймактык коду менен сатып алышкан. Ал эми "ХАН" тамгаларынын айкалышы бар номерлерди борбор калаанын эки тургуну алып кетти", — деп айтылат маалыматат.

Ошондой эле баштапкы наркы 60 миң сомдон башталган "01 555 SSS" номерин алууга кызыккандар арбып, 430 000 сомго чейин көтөрүлгөн.

Ал эми "01 777 XAH" 72 миң, "01 007 XAH" номери 32 миң сомго сатылган.

"01 111 JJJ" номерин 82 миң, "04 111 III" 60 миң жана "04 007 AMG" 32 миң сомго алып кетишкен.

Сатылган жети автономердин жалпы баасы 1 миллион 312 миң сом түздү. Кирешенин 91 пайызы мамлекеттик бюджетке которулат.

Кечээ-бүгүн болуп өткөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча дагы 46 кооз унаа номери сатылары күтүлүүдө. Жакында "01 777 ZZZ" номери боюнча аукцион аяктаган. Жеңүүчү ага 810 000 сом сунуштаган, акчасын үч күндүн ичинде төлөшү керек.

Мамлекеттик каттоо кызматы онлайн-аукциондор nomer.srs.kg сайтында баарына жеткиликтүү экендигин белгиледи. 7-декабрга 700дөн ашык өзгөчө номер сатуу пландалууда.

10
Тема боюнча
Кыргызстанда эң өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика
Ала-Тоо аянтына асмандан көрүнүш. Архивдик сүрөт

Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат

12
(жаңыланган 14:31 24.11.2020)
Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт. Долбоор шаардыктар үчүн да жеткиликтүү.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитет жарандар кандай аба менен дем алып жатканын билүү үчүн "Таза аба" долбоорун "Экологиялык чечимдер институту" менен биргеликте ишке киргизди.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө абанын булганышы былтыркы мезгилге салыштырмалуу 35-50 пайызга жогорулаган. Долбоордун алкагында 39 шайман сатып алынды. Бардык маалыматтар экологиялык ачык базага топтолуп, жарандар үчүн жеткиликтүү болот.

Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт.

"Картада жашыл менен белгиленген аймакта жашаган жарандар дагы үйүнө датчикти орното алышат", — дешти мэриядан.

Картаны шилтемеден көчүрүп алууга болот.

Датчиктин иши үчүн Wi-Fi жеткиликтүү болушу шарт. Шайман алууну каалагандар (0505)03-77-00 WhatsApp номерине же info@ecology.kg почтасына кат жазса болот.

Мэрия датчиктерди жамгыр менен күн нурун тоскон, тамеки жана ашканадан алыс жерге коюу керектигин эскертти.

Эң жакшы жер – бул короонун алды, ачык балкон жана башкалар. Жабдык айына 10 сомдук электр энергиясын жана 50 мегабайт интернет керектейт. Бул чыгымдарды долбоор төлөп бербейт.

12
Белгилер:
аба, датчик, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат