Окумуштуулар организмди сезгенткен азыктарды аныктады

© Фото / Pixabay/ TapisRougeСтейк. Архив
Стейк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик окумуштуулар изилдөөнү ондогон жылдар бою жүргүзүп, ага ар кандай курактагы 210 миң кишини тартышкан. Ыктыярчылар төрт жыл сайын жеген тамак-ашы тууралуу анкета толтурушкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Окумуштуулар айрым азыктар өнөкөт сезгенүүнү жаратып, анын кесепетинен жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болорун далилдеди. Бул тууралуу Journal of American College of Cardiology журналына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Америкалык окумуштуулар изилдөөнү ондогон жылдар бою жүргүзүп, ага ар кандай курактагы 210 миң кишини тартышкан. Ыктыярчылар төрт жыл сайын жеген тамак-ашы тууралуу анкета толтурушкан.

Натыйжада иштетилген жана кызыл эт, тазаланган дан өсүмдүктөрү, кант, куурулган тамак жана таттуу ширелер ички сезгенүүнү күчөтүп, жүрөк оорусу менен инсультка кабылуу коркунучун жогорулатары аныкталган.

Ракты чакырган эки азык. Дарыгер аларды аз колдонууну сунуштоодо

Бул тобокелдиктерди азайтуу үчүн изилдөөчүлөр антиоксиданттар менен клетчаткага бай азыктарды колдонууну сунуштаган. Организмдин сезгенүүсүн капуста, шпинат, рукола, ашкабак, сары калемпир, буурчак, сабиз, дан эгиндери, кофе, чай жана шарап алдын алат. Ошондой эле грек жаңгагы менен диета кармагандар ооруга даба табышкан.

Адистер туура тамактанууга сунушталган азыктардын пайдасы гана эмес, организмге тийгизген таасири дагы эске алынышы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0