Ооруканадагы медициналык кызматкерлер иш учурунда. Архив

COVID соңку суткада Бишкектен үч, Баткенден бир кишинин өмүрүн алды

97
(жаңыланган 10:08 04.11.2020)
Дарттан көз жумгандар борбор калаа Бишкек менен Баткенде катталды. Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 1 163 киши каза тапты.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус илдетинен акыркы суткада төрт киши каза тапканын Республикалык штаб кабарлады.

Бейтаптардын үчөө Бишкекте жана бирөө Баткен облусунда дарыланып жаткан.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 1 163 киши каза тапты.

97
Белгилер:
бейтап, өлүм, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1448)
Тема боюнча
COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет
Бейтапты карап жаткан медицина кызматкери. Архив

Соңку бир суткада коронавирус беш адамдын өмүрүн алып кетти

40
(жаңыланган 10:14 27.11.2020)
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда COVID-19га чалдыккан 2 875 бейтап жатат. Анын ичинен 115 адамдын абалы өтө оор.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.

Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.

Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.

Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.

40
Белгилер:
Кыргызстан, оорукана, дарылануу, өлүм, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика
Лаборатория кызматкери. Архив

Жуктургандардын көбү Бишкекте жашайт. COVID боюнча жаңы статистика

64
(жаңыланган 10:09 27.11.2020)
Оору илештиргендердин саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 377 кишиден табылып, 402 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандардын саны дагы деле Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп болуп жатат. Булардан кийин эле Ысык-Көл облусу турат.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 100;
  • Ош – 8;
  • Чүй облусу – 127;
  • Ош облусу – 26;
  • Талас облусу – 15;
  • Нарын облусу – 13;
  • Ысык-Көл облусу – 36;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 30.

Айыккандар:

  • Бишкек – 122;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 75;
  • Ош облусу – 44;
  • Талас облусу – 11;
  • Нарын облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 26;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 49.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 71 548 болду. Анын ичинен 62 946 бейтап айыккан. Кечээ дагы беш адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 256га жетти.

Бир сутка ичинде жети медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

  • Чүй облусунда – 2;
  • Жалал-Абад облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 3.

Ал эми бир суткада үй карантининен төрт, стационардан төрт медкызматкер чыгарылды.

64
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Баткенде "Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта" акциясы башталат
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

31
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

31
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди