Коронавирус жуктургандардан айыккандар көп. Өткөн сутканын статистикасы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүCOVID-19 тестке алынган кан үлгүлөрү. Архив
COVID-19 тестке алынган кан үлгүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир суткада коронавирус аныкталгандардын көбү Бишкек шаарында. Тактап айтканда, оору илештирген 495 кишинин ичинен 150сү борбор калаада жашайт.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кечээтен бери өлкөдө 495 кишиден коронавирус аныкталса, 527 бейтап дартты жеңген. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 150;
  • Ош шаары – 17;
  • Чүй облусу – 78;
  • Ош облусу – 52;
  • Талас облусу – 23;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 89;
  • Баткен облусу – 44.

Министрлик: коронавирусту дарылоонун 5-протоколу даярдалууда

Айыккандар:

  • Бишкек – 70;
  • Ош шаары – 47;
  • Чүй облусу – 65;
  • Ош облусу – 66;
  • Талас облусу – 9;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 130;
  • Баткен облусу – 100.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 60 774кө жетти. Ал эми айыккан бейтаптар 51 815ти түзөт. Тилекке каршы, оорудан 1 163 киши көз жумган.

Пульмонолог: дарыгер айтмайынча компьютердик томография, рентгенге барбагыла!

Акыркы суткада 3 920 ПЦР-изилдөө жүргүзүлгөнү айтылды. Медиктердин ичинен кечээтен бери жети ак халатчандан коронавирус табылган. Ошол эле маалда 13ү оорудан айыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0