Жогорку Кеңештин имараты. Архив

Коргоно албайт экенбиз. Жаңы төрага Мамытов Ак үйдүн тосмосун алууну сунуштады

166
(жаңыланган 14:11 04.11.2020)
Төраганын пикиринде, бийлик органдары коргонгон сайын эл туура эмес түшүнүп жатат. Тосмолор баары бир сактап кала албай турганы далилденди.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik.  Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов Ак үйдүн алдын курчап турган тосмону алып салууну сунуштады.

Ал депутаттардын колдоосун алгандан кийин сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү маселесине биринчи болуп киришерин айтты.

"Ак үй үчүнчү ирет талкаланып жатат. Коргонгон сайын эл туура эмес түшүнөт экен. Бизди ошол тосмо сактап кала алган жок, сактай албайт дагы. Кечээ Садыр Нургожоевич менен чогуу отурганда, ал дагы алып салуу керектигин айтты. Мен ал идеяны колдойм. Ошол тосмолор болбосо, бизде да эл менен ажырым болбойт деп ойлойм. Элге жакын болуп иштесек эч качан толкундоолор, кыйратуулар болбойт", — деди Мамытов.

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

Ошондой эле ал азыркы чакырылыш аз иштейби же көп иштейби, депутаттарды өз вазыйпасын так аткарууга чакырды. Мындан ары кадимки график менен тармактык комитеттердин отурумдары, шаршемби, бейшемби күндөрү жалпы жыйындар өтөрүн белгиледи.

166
Белгилер:
Талант Мамытов, жыйын, тосмо, Ак үй
Тема боюнча
Ошол партиялар жаңы Ак үй салып берсин! Рысалиевдин сунушу күлкүгө салды
Талант Мамытов мурдагы спикерлерге рахмат айтып, чепкен кийгизди. Сүрөт
Памирлик кыгыздарга Алай районунун Талды-Суу айылында курулган үйлөр

Алайда жаңы үйгө кирген памирликтер үшүп отурабы? Кандаштардын кышка камы

7
2017-жылы Нарынга Улуу жана Кичи Памирден боордоштор билим алуу үчүн алып келинген. Былтыр дагы 11 үй-бүлө көчүп келип, Алай районунун Сары-Могол айылындагы мектептин эски имаратына жайгаштырылган. Быйыл бюджеттен 20 млн. сом бөлүнүп, памирликтер үчүн үйлөр курулган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Алай районунун Талды-Суу айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүп кирген памирлик туугандардын кабарын билүү максатында байланышкан.

Памирден келип, Сары-Могол айылына жайгаштырылып, кийин Талды-Суу айылындагы салынган жаңы үйлөрдүн бирине кирген 46 жаштагы Күмүшай Орозбек кызы аталган кыштактын Памирден эч айырмасы жок экенин айтып, бир топ нааразычылыгын билдирди.

Кумушай Орозбек кызы, одна из памирских кыргызов переселенных в село Талды-Суу Алайского района Ошской области
© Фото / Онолбек Памири
Күмүшай Орозбек кызы: Бешикте эки кичине неберем ооруп калбаса экен деп кыйналып, үшүп отурабыз. Айла жок. 77 жаштагы апам да сууктан улам ооруп, "бөйрөгүм" деп жатат.
"Памирден келгенде Алай районунун Сары-Могол айылына жайгашканбыз. Ал жак деле бир аз суук эле, бирок көнө түшкөнбүз. Эми Талды-Суу айылына өкмөт үй салып берип, көчүп келдик. Абдан суук экен. Памирден эч айырмасы жок. Эшикте шамал, эки күндүн биринде күн бузулуп турат. Бир күнү карасаң жаан, бир күнү арылдаган шамал айланы кетирди. Бизди жайгаштырган үйдүн батареялары жакшы иштебейт экен. Аябай суук болуп жатат. Бешикте эки кичине неберем бар эле, ушулар ооруп калбаса экен деп кыйналып, үшүп отурабыз. Айла жок. 77 жаштагы апамды алып келип алганбыз, ал киши да сууктан улам ооруп, "бөйрөгүм" деп отурат", — деди Күмүшай эже.

Ал жергиликтүү бийлик боордошторго кышка камылга катары ар бир үйгө Сары-Могол көмүрүн түшүрүп бергенин белгиледи.

"Бизге көмүр түшүрүп, отун камдап беришти. Көмүрү да майда унга окшош көмүр экен, такыр күйбөйт. Күйсө деле кайра өчүп калат. Ошентип суукта кыйналып кеттик. Сары-Моголдо бир жыл турдук. Анда кадимки меш жагып коюп, жок дегенде жылуу отурчу элек. Бир жумада бир болуучу базары да бар эле. Базардан кем-карчыбызды толуктап алчубуз. Памирден келгени Ошко бир түнөдүк да, эртеси түз эле Сары-Моголдогу мектепке жайгаштырышкан. Маңдай-тескей бөлмөлөрдө памирлик 11 үй-бүлө тиктешип отурдук. Ошону менен эч жакты көрө алган жокпуз. Бирок эл менен таанышып, аз-аздан көнүшүп калганбыз. Талды-Сууда же дүкөн жок. Жаз келсе Памирибизге кетип калсакпы деп эртели-кеч ойлогонубуз ошол", — деп кейиди Орозбек кызы.

Дома в селе Талды-Суу Алайского района Ошской области, построенные для памирских кыргызов из Афганистана
© Фото / Оогонбек Памири
Быйыл бюджеттен 20 млн. сом бөлүнүп, памирликтер үчүн үйлөр курулган

Анын сөзүнө караганда, айыл өкмөт тамак-ашы менен азык-түлүгүн камдап берген.

"Азык-түлүккө макарон, күрүч алып беришкен. Колдо болгон азык-түлүк менен тамак жасап жеп жатабыз. Биз кыргыз боорлорубуз деп келдик эле. Памирликтерди чогуу жылуу бир жерге жайгаштырып коюшса туугандарыбызды да алып келели дегенбиз. Бирок ушундай шартта кантип жашайбыз? Памирден деле эттен тышкары күрүч тамактарды, манты, каттама жасап жечү элек. Ваханга барып картошка алып келип алчубуз", - деди ал.

Күмүшай эже менен жолдошу Оңолбек байкенин төрт кыз, үч уулу бар. Үч кызы турмушка чыгып, бир кызы колунда. Балдарынан улуусу үйлөнүп, эки баласы мектепке барат. Келин-уул, кыз-күйөөнү кошкондо азыр үйүндө 12 киши жашап жатат.

Семья Кумушай Орозбек кызы, переселенные в село Талды-Суу Алайского района Ошской области
© Фото / Онолбек Памири
Төрт кыз, үч уулу бар Күмүшай Орозбек кызынын үйүндө учурда 12 адам жашап жатат

Ал Кыргызстанга келгени жашоосу өзгөрбөгөнүн деле айтты. Эч нерсеге таң калып, суктанган деле эмес.

"Сары-Моголдо турганда айыл өкмөт улам келип абалыбызды сурап турчу. Бул жактын айыл өкмөтү Даанышбек деген адам экен. Ал киши менен да тааныштык. Негизи бул үйлөргө биринчи Нарындагы памирликтер көчүп келишти. Биз кийинчерээк үйлөрүбүз бүткөндө келдик. Жергиликтүү бийлик менен эми гана таанышып жатабыз", — деди памирлик айым.

Биз ушундан улам Памирден келген дагы бир үй-бүлөнүн акыбалын сурап көрүүнү туура көрдүк. Памирден келип Нарынга отурукташып, кийин Талды-Сууга көчүрүлүп келген Абдугафор Абдурасул уулу Кыргызстанга келгени анын жашоо-турмушу абдан жакшы жакка өзгөргөнүн айтып берди.

Абдугафор Адурасул уулу, один из памирских кыргызов переселенных в село Талды-Суу Алайского района Ошской области
© Фото / Онолбек Памири
Абдугафор Абдурасул уулу учурда көмүр чыккан карьерде иштеп жатат
"Талды-Сууга көчүп келип толук шарты менен үйлүү болдук. Үйлөрүбүз жылуу, кудайга шүгүр. Өкмөт отун-суубузду, тамак-ашыбызды даярдап берди. Алай районуна жаңы аким шайланып келген экен, ал киши кечээ памирликтерге согумга уй союп берди. "Орок оро албаган орок тандайт" деген кеп бар элибизде. Мындан артык эмне кылыш керек эле?" — деди ал.

Ал республиканын айрым жерлеринде болуп, жергиликтүү элдин жашоо шартын байкаган.

"Талды-Сууда унаага ылайыкталган жолдордон бери бар экен. Мага жакты. Мен Кыргызстандын кээ бир аймактарын кыдырып чыктым. Жумушу, үйү жок жүргөн адамдар бар экен. Ага караганда биздин жашоо шартыбыз түзүк эле, балдарыбыз мектепте окуп жатышат. Мен жаңы жумушка кирдим. Сары-Могол тараптагы көмүр казылуучу карьерге кирип, иштеп жатам", — деди ал.

Абдугафор мырза Нарында жүргөндө өзү аракеттенип, жергиликтүү элден курулуш иштерин өздөштүрүп иштеп жүргөн. Кийин башка памирликтерге да иш таап берип, алардын да курулуш жагын үйрөнүүсүнө шарт түзүп берген.

Дома в селе Талды-Суу Алайского района Ошской области, построенные для памирских кыргызов из Афганистана
© Фото / Оогонбек Памири
Абдугафор Абдурасул уулу: Талды-Сууга көчүп келип толук шарты менен үйлүү болдук. Үйлөрүбүз жылуу, кудайга шүгүр. Өкмөт отун-суубузду, тамак-ашыбызды даярдап берди.

Памирлик туугандардын абалы туурасында КРдин Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетовага кайрылып, пикирин сурадык. Ал памирлик туугандарды Сары-Могол айылынан Талды-Суу айылына көчүрүшкөндөрдүн бири.

"Талды-Суу айылы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Бир аз суугураак келет. Сары-Могол айылынан 100 метрге бийик. Бирок климаты бирдей эле. Ал эми жаңы салынган үйлөр шартка толук жооп берет. Дубалына 2,5 кирпич коюлган. Батареяларды да жагып текшергенбиз. Жакшы эле иштеп жаткан. Мен бир жума мурун эле Талды-Сууда болдум. Бардыгын киргизип даярдап келгем. Памирден келген туугандарга жергиликтүү бийлик көмүрүн түшүрүп берген болчу. Бул көмүрдү былтыр Сары-Моголдо деле жагышкан. Азыр болгону көмүр жакканды жана жылыткычтарды иштеткенди жакшы билбей жатышат окшойт", — деди Мамбетова.

Миграция кызматынан кийин кайра байланышып, жергиликтүү бийлик памирликтерге көмүрдү элеп жагууну жана жылыткычтарды иштетүүнү үйрөтүп жатканын билдиришти.

Ал эми Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов памирликтердин учурда тамак-ашы кенен экенин, ар биринин үйүнө кеминде беш каптан ун түшүрүлүп берилгенин айтты.

"Тамак-ашы кенен. Унум жок деген памирлик туугандардын үйүндө беш кап ун турат. Кечээ дагы Нарындан келген памирликтерге эки мүшөктөн ун бердик. Колубуздун келген жардамды берип жатабыз. Аталган 11 үйдүн үчөөнү жылыта албай жатабыз дешкен. Бүгүн барып көмүрүн элеп, от жакканды үйрөттүк. Булар "көмүр түгөнүп калат" деп коркуп отура беришиптир. "Түгөнсө дагы түшүрүп беребиз, коркпой жаккыла" дедик. Азыр батареялары ысып, үйү жылып калды", — деди ал.

Кеңешовдун билдиргенине караганда, өткөн жекшембиде Алай районунун акими өзүнүн атынан памирликтерге бир уй союп, бөлүп берген.

Эскерте кетсек, Улуу жана Кичи Памир аймактарынан боордоштор Кыргызстанга 2017-жылы октябрь айында алып келинип, Нарынга жайгаштырылган. 2018-жылы бир үй-бүлө Ат-Башыга келген. Учурда Памирден келген бир үй-бүлө Чүй облусунун Кант шаарына көчүп кетсе, эки үй-бүлө Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда жашап жатат. Ал эми Алайда курулган кыштакчага 27 адам кеткен.

Ошондой эле былтыр дагы 11 үй-бүлө көчүп келип, Алай районунун Сары-Могол айылындагы Алимсеитов мектебинин эски имаратына жайгаштырылган эле. Республикалык бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп, памирликтер үчүн үйлөр курула баштаган. Азыр аталган 11 үй-бүлө Талды–Суу айылындагы жаңы курулган үйлөрдө жашап жатат.

Кайрылман макамы менен келген жарандардын балдары мектепке тартылып, билим алууга толук шарт түзүлгөн. Алардын ичинен экөө азыркы убакта жогорку окуу жайында билим алууда.

7
Белгилер:
суук, кыш, Талды-Суу айылы, Сары-Могол району, Памир кыргыздары
Тема:
Памирлик кыргыздар
Тема боюнча
Пандемияда памирлик кыргыздар кантти? Кандаштардын азыркы абалы
Памирлик кыргыздар: Алайдын муздак шамалы Памирдеги күндөрүбүздү эске салды
 Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүн жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев. Архив

КР гимнин жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды

12
(жаңыланган 15:00 24.11.2020)
Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап бир топ ийгиликтерге жетишкен.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын гимнинин сөзүн жазган авторлордун бири Шабданбек Кулуев 78 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

Ал оорусунан улам эки жумадан бери ооруканада дарыланып жатканы айтылат.

Сотрудники Госслужбы по борьбе с экономическими преступлениями исполнили песню к Дню государственного языка и сняли видеоролик.
© Видео / ГСБЭП при Правительстве Кыргызской Республики
Шабданбек Кулуев Нарын облсунун Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Ал эмгек жолун мугалимдиктен баштап бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргызстандын гимнинин сөзүн жазган.

Акынга 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 2011-жылы "КРдин эл мугалими" ардактуу наамы ыйгарылган.

12
Белгилер:
Шабданбек Кулуев, акын, өлүм, автор, гимн
Тема боюнча
ОшМУну Борбор Азиядагы мыкты окуу жайга айланткан. Исаковго жазылган некролог
Орду толгус оор жоготуу... Калыйбек Тагаевге жазылган некролог