Бишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндө жаңы сквер пайда болду

Бишкекте 2,6 миллион сомдук жаңы сквер ачылды. Сүрөт

118
(жаңыланган 15:12 04.11.2020)
Парктын аянты жарым гектар жерди ээлейт. Ал Ленин районундагы орто мектепке тиешелүү аймакта жайгашкан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндө жаңы сквер пайда болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Новый сквер на улице Алтымышева в Бишкеке
    ишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндө жаңы сквер пайда болду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Дети играются в новом сквере на улице Алтымышева в Бишкеке
    Ленин районундагы №74 мектептин аймагында курулган сквердин аянты 0,52 гектарды түзүп, аны курууга жалпысынан 2,6 миллион сом сарпталган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Дети играются в новом сквере на улице Алтымышева в Бишкеке
    Паркта балдар аянтчасы, машыгуучу жай жана воркаут аянтчасы камтылган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Церемония открытия нового сквера на улице Алтымышева в Бишкеке
    Скверди көрктөндүрүүнү менчик компания ишке ашырган.
    © Видео
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
ишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндө жаңы сквер пайда болду

Ленин районундагы №74 мектептин аймагына курулган сквердин аянты 0,52 гектарды түзүп, аны курууга жалпысынан 2,6 миллион сом сарпталган.

Жолдору жана тротуарлары жаңыланган, көк майсаң үчүн атайын топурак салынган. Ирригациялык тутумдары жасалып, көчө жарыктары, отургучтар жана таштанды үкөктөрү орнотулган.

Паркта балдар аянтчасы, машыгуучу жай жана воркаут аянтчасы камтылган.

Ыктыярчы Адинайдын аты берилген сейил бактын көрүнүшү. Сүрөттөр

Скверди көрктөндүрүүнү менчик компания ишке ашырган.

118
Белгилер:
сквер, Бишкек мэриясы, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Донбаева: жаңы сейил бактарга жергиликтүү көчөттөрдү отургузуш керек
Вид на площадь Ала-Тоо утром. В Бишкеке, где выпал первый осенний снег.

Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат

4
(жаңыланган 14:29 24.11.2020)
Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт. Долбоор шаардыктар үчүн да жеткиликтүү.

БИШКЕК, 24-ноя. – Sputnik. Бишкекке абанын сапатын текшерген датчиктер орнотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Муниципалитет жарандар кандай аба менен дем алып жатканын билүү үчүн "Таза аба" долбоорун "Экологиялык чечимдер институту" менен биргеликте ишке киргизди.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө абанын булганышы былтыркы мезгилге салыштырмалуу 35-50 пайызга жогорулаган. Долбоордун алкагында 39 шайман сатып алынды. Бардык маалыматтар экологиялык ачык базага топтолуп, жарандар үчүн жеткиликтүү болот.

Датчиктерди орнотуу бекер болгондуктан шаардык бюджеттен каражат кетпейт.

"Картада жашыл менен белгиленген аймакта жашаган жарандар дагы үйүнө датчикти орното алышат", — дешти мэриядан.

Картаны шилтемеден көчүрүп алууга болот.

Датчиктин иши үчүн Wi-Fi жеткиликтүү болушу шарт. Шайман алууну каалагандар (0505)03-77-00 WhatsApp номерине же info@ecology.kg почтасына кат жазса болот.

Мэрия датчиктерди жамгыр менен күн нурун тоскон, тамеки жана ашканадан алыс жерге коюу керектигин эскертти.

Эң жакшы жер – бул короонун алды, ачык балкон жана башкалар. Жабдык айына 10 сомдук электр энергиясын жана 50 мегабайт интернет керектейт. Бул чыгымдарды долбоор төлөп бербейт.

4
Белгилер:
аба, датчик, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Төлөгөнов: авиадиспетчерлердин иши оор, үч күн иштеп, үч күн эс алат
 Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев

Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акимин дайындаганы үчүн кечирим сурады

13
(жаңыланган 14:23 24.11.2020)
Райондун башчысы бир ай мурда дайындалган. Бүгүн ал өлкөнүн Финансы полициясы тарабынан пара алууга шектелип кармалды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Октябрь районунун акими кызматына Константин Куценкону дайындаганы үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ноябрь айынын башында дайындалган аким кечээ, 23-ноябрда, коррупцияга шектелип Финпол тарабынан кармалган.

Түлөбаев ал кишини кылдат текшербей туруп кызматка алганы үчүн өзүн айыптуу сезип жатканын белгиледи.

"Октябрь районунун акими Куценкону текшербей кызматка алганым үчүн кечирим сурайм. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз", — деп билдирүү калтырган ал.

Мэрдин милдетин аткаруучунун бул постуна катталуучулар акимдик кызмат орунга талапкерлерди сунуштап жатышат.

13
Белгилер:
Бишкек, суроо, кечирим, Балбак Түлөбаев
Тема боюнча
Соцфонддун аппарат жетекчиси кол алдындагылардан акча жыйнаган деп кармалды