Курсан Асанов тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архивное фото
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин райондук сот Асановду 10-декабрга чейин тергөө абагына киргизип, бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Асановду үй камагына чыгаруу боюнча прокурор сотко өтүнүч келтирген. Мамлекеттик айыптоочунун суранычы канааттандырылып, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө абагынан бошотулду.

Курсан Асанов: жалгыз күнөөм — Атамбаевди тирүү кармаганым

Эске салсак, Асанов Бишкекте 6-октябрда болгон башаламандыкты иликтөөнүн алкагында козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. УКМКдан ал массалык башаламандыкты активдүү уюштургандардын бири болгон деп эсептелип жаткандыгын айтышкан.

Биринчи май райондук соту аны 10-декабрга чейин камакта болсун деп чечим чыгарып, бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0