COVID: Бишкек, Ош шаарлары жана Таласта төрт бейтап көз жумду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавируска кабылгандардын саны акыркы учурда азайбай жатат. Жугуштуу оору кеминде 2-3 адамдын өмүрүн алып кетип жатат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан төрт киши каза тапканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооруну жеңе албай калгандардын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ош шаарында жана дагы бирөө Талас облусунда дарыланып жаткан.

Жалпысынан каза болгондордун саны 1 167ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0