Ишке кеткен боюнча жок. Бишкектин жанынан 16 жаштагы Анеля жоголду. Сүрөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан кыз. Архив
Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз 4-ноябрда жумушуна кеткен боюнча байланышка чыга элек. Туугандары ал официант болуп иштегенин жана буга чейин дайын-дарегин билдирип турганын айтышты.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкекке жакын Аламүдүн-1 кичи районунда 16 жаштагы Анеля Аскербекова жоголуп кеткенин Sputnik агенттигине жакындары кабарлады.

Алардын айтымында, кыз 4-ноябрда жумушуна кеткен боюнча байланышка чыга элек.

"Биз Энергетиктер шаарчасында жашайбыз. Анелдин телефону өчүк. Ал официант болуп иштейт. Буга чейин дайын-дарегин билдирип турчу, жоголгон эмес такыр. Учурда милиция табууга жардамдашып жатат", — деди кыздын атасы.

Анеля күмүш түстөгү куртка, кара джинсы шым, башына дагы ушундай кепка, бутуна боз өңдөгү кроссовка кийип жүргөн.

Аламүдүн райондук милициясы кыздын изделип жатканын тастыктады. Анын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0999) 68-88-98 жана (0312) 36-35-27 номерине кабарлап коюуну өтүнүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0