Министр: 10-15 күндөн кийин экинчи толкундун жогорку чегине жетебиз

© Sputnik / Максим Захаров / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жумуш учурунда
Медициналык кызматкер жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экени айтылды.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетет. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында билдирди.

Бүгүн ЖК депутаттары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Анда эл өкүлү Бактыбек Турусбеков министрден коронавирустун экинчи толкуну качан башталарын сурады.

"Учурда экинчи толкун жүрүп жатат. Кыргызстанда 10-15 күндөн кийин анын жогорку чегине жетебиз деген божомол бар", — деди Бейшеналиев.

COVID-19дун экинчи толкуну. Өлкө боюнча ооруканалардын даярдыгы текшерилет

Ошондой эле министр учурда өлкөнүн Бишкек шаарында жана Ош, Баткен облустарында жуктургандар көп катталып, абал оор экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0