Бишкекте коомдук транспорттун кыймылына чектөө киргизилеби? Мэриянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековМедициналык маскачан киши автобуста отурат. Архив
Медициналык маскачан киши автобуста отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал кыйындап бараткандыктан, бардык тойкана менен түнкү клубдарды 15 күнгө жабуу пландалып жатканы айтылган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Азырынча Бишкекте коомдук транспортторду токтотуу тууралуу маселе каралган жок. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Вице-мэр Азиз Азимкулов жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын жетекчилери менен жолугушту. Ал белгилегендей, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, ошондой эле шаардык коомдук транспортто, айрыкча кичи автобустарда санитардык эрежелер сакталбай жатат.

"Вице-мэр жүргүнчү ташуучуларга COVID-19дан коргонуу чараларын күчөтүүнү тапшырды. Биринчиден, санитардык эрежелерди айдоочулар сактап, бет кап тагынышы керек! Ошондой эле кичи автобустарда маалыматтык кампанияны күчөтүү керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Министр: санитардык норманы депутаттардан баштабасак, оору июлдагыдан оор өтөт

Жүргүнчү ташыган жеке компаниялардын жетекчилери айдоочулар арасында сасык тумоого каршы массалык эмдөө жүргүзүүнү сунуштады. Маселе Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көзөмөлүнө алынды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүн транспорттук блок жүргүнчү ташуучулар менен жума сайын кезигип турмай болду.

Буга чейин Бишкек шаарында эпидемиологиялык кырдаал кыйындап бараткандыктан, бардык тойкана менен түнкү клубдарды 15 күнгө жабуу пландалып жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0