Бишкектин Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан Балалык паркына 40 кайыңдын көчөтү отургузулду

Бишкекке 40 кайың тигилди. Жетекчинин элесине арналган көчөттөрдүн сүрөтү

96
Воротников бүткүл өмүрүн капиталдык курулушту башкарууга арнап, 33 жыл ичинде техникалык көзөмөлдөө боюнча инженерден тарта жетекчи кызматына чейин жеткен.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкектин Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан "Балалык" паркына 40 кайыңдын көчөтү отургузулду. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Посадка сотрудниками УКС 40 саженцев березы в новом строящемся парке Балалык на пересечении улиц Байтик Баатыра и Токомбаева
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкектин Байтик баатыр менен Токомбаев көчөсүндө жаңы курулуп жаткан "Балалык" паркына 40 кайыңдын көчөтү отургузулду

Ал Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Александр Воротниковдун жаркын элесине арналган.

Воротников июлдун аягында пневмониядан улам каза тапкан. Бүгүн ал эмгектенип кеткен башкармалыктын жамааты аны жана башка кызматкерлерди эскеришкен.

Пандемиянын курмандыгына айланган мугалимдер

Воротников бүткүл өмүрүн капиталдык курулушту башкарууга арнап, 33 жыл ичинде техникалык көзөмөлдөө боюнча инженерден тарта жетекчи кызматына чейин жеткен.

96
Белгилер:
эскерүү, кайың, курулуш, Бишкек
Тема боюнча
Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян
Бишкектин Арча-Бешик конушуна көрүнүш. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

3
6-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 6-декабрь күндүз өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл өрөөнүндө -2…+3, Нарында -1…-6 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаабайт. Күндүн табы борбордо -1…-3, Ош шаарында +1…+3 градус жылыйт.

3
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

63
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

63
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар