Мэрия: Ак үйдүн айланасындагы тосмолор эртең алынып баштайт

© Sputnik / Эркин СадыковАк үйдүн айланасындагы тосмолор
Ак үйдүн айланасындагы тосмолор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу бир нече ирет маселе көтөрүлгөн. Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы да аны алып салууну сунуштаган болчу.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Эртең, 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин (Ак үй) имаратындагы тосмолор алынып баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Демонтажды саат 10:00дөн тарта "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү жүргүзөрү белгиленди. Башка маалыматтар айтылган жок.

Темир тосмосу жок Ак үй. 80-жылдардын фотофактысы

5-6-октябрдагы саясий окуялардан кийин тосмону алуу тууралуу бир нече маселе көтөрүлгөн. Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы да аны алып салууну сунуштаган болчу.

Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0