Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаков. Архив

Сүйүн Өмүрзаковдун тууганы көмүр кенин басып алганы айтылып, УКМК текшерүүгө алды

831
(жаңыланган 22:05 05.11.2020)
Жапаров Ош шаарынын жашоочулары менен кезиккенде жергиликтүү тургун ИИМ жетекчисинин орун басарынын бир тууганы кысымга алганын айткан.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууганы Улукбек Өмүрзаковго карата текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Ага ылайык, 3-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Ош шаарынын жашоочулары менен кезиккенде Канназар Ыдырысов аттуу 51 жаштагы тургун ИИМ жетекчисинин орун басарынын бир тууганы кысымга алганы тууралуу айткан.

Ошол эле күнү Ыдырысов айткандарынын чоо-жайын аныктоо үчүн УКМКнын башкы башкармалыгына чакыртылган.

"Эртеси, 4-ноябрда, Ыдырысов УКМКга арыз менен кайрылып, бир жыл мурдараак өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон "Жолчырак" ЖЧК көмүр кенин Улукбек Өмүрзаков басып алганын айткан. Ошондой эле "үлүш" катары андан акча талап кылганын билдирген. Бул факт маалыматтар журналына каттоого алынган", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштап, материалдарды шаардык ИИБге өткөрүп берди.

Ошол эле учурда Башкы прокурорго Улукбек Өмүрзаковго тиешелүү чечимдерди кабыл алууда прокуратуранын кызматкери экендиги жөнүндө маалымат жиберилген.

Жумалиев: мүлкүмдү мыйзамсыз текшерткен Сыймык Жапыкеевди сотко берем

6-ноябрда арыз ээси Өмүрзаковдун коркутуулары боюнча көрсөтмө берүү үчүн УКМКнын борбордук аппаратына чакыртылган.

Учурда бул факт боюнча текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

831
Белгилер:
коркутуу, Сүйүн Өмүрзаков, ИИМ, УКМК
Тема боюнча
УКМК: Кыргызстанга түшпөгөн 1 млрд. долларлык кредитти бийлик төлөп жатат

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

12
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

12
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

Токтоо тартып, окуяга сүңгүп кирип... Үмөттүн манас айткан видеосу

23
(жаңыланган 19:24 05.12.2020)
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Sputnik агенттигине Семетейдин Таласка келип Бакайга жолуккан жеринен үзүндү айтып берди.

Үмөт бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Ал редакцияга берген маегинде акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын айтып, кичирээк чакта эсте калган учурлары жөнүндө кеп кылды. Кененирээк Sputnik даярдаган интервьюдан окуй аласыз

23
Белгилер:
Талас, Семетей, өнөр, манасчы, Манас, Үмөт Болот уулу
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми