Үй-бүлөнү баалап, көбүрөөк саякатта! Өлүм алдында жаткан аялдын каты

© Фото / Pixabay / PezibearКат окуп жаткан кыз. Архив
Кат окуп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хант рак илдетине 34 жашында кабылган. Бир нече жолу операция жасатып, 12 ай химиотерапиядан өткөндөн кийин оору басаңдап калган. Кийинчерээк оору кайра пайда болгон.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Төрт жыл бою эмчек рагы менен алышып, өлүм алдында жаткан Австралия тургуну Рут Хант көзгө жаш алдырган кат жазган. Бул тууралуу РИА Новости 7NEWS телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Маалым болгондой, Хант рак илдетине 34 жашында кабылган. Бир нече жолу операция жасатып, 12 ай химиотерапиядан өткөндөн кийин оору басаңдап калган. Бирок илдет кайра жармашкан.

Өлүм алдында жаткан австралиялык аял ойлору башкаларга жардам берип калат деген үмүт менен өзүнүн жаш кезине кат жазууну чечкен. Катта ар кандай кеңештер камтылган.

Ракты чакырган эки азык. Дарыгер аларды аз колдонууну сунуштоодо

"Жардам суроо жашоону бир аз да болсо жеңилдетет. Андыктан бирөөнүн көмөгүн сурай бил. Үй-бүлөнү баалап, алар менен колдон келсе көбүрөөк убакыт өткөр. Азыраак стресс бол. Эгер бир жакка кичине кечигип жатсаң, кыжаалаттанба. Аны эч ким эстеп да койбойт", — деп жазган Хант.

Мындан сырткары, ал "жок" деген сөздү айтып үйрөнүш керектигин белгилеген.

"Эгерде кимдир бирөөгө жакпаса, ал сенин баш ооруң эмес. Ошондуктан "жок" деп айта да билиш керек. Кээде үй жаныбарын жөн гана кучактап коюу керек. Бул дагы өзүнчө бакыт. Ошондой эле мүмкүн болушунча көбүрөөк жана алысыраак жактарга саякаттагыла", — деп белгилеген ал.

Хант катынын аягына "ушул сабактарды ооруганга чейин билсем кана" деп жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0