Жаңы конуштардагы документи жок жер тилкелерин мыйзамдаштыруу талкууланды

© Sputnik / Акылбек БатырбековГора Боз-Болток в Чуйской области
Гора Боз-Болток в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын жака-белиндеги 47 конуштун ичинен 25инин схемасы түзүлүп бүткөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Курулуш жана архитектура боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев жаңы конуштун тургундары менен жолугуп, документи жок жер тилкелерди мыйзамдаштыруу маселесин талкуулады. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ал кечээ "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына барып "Куруучулар штабы" коомдук бирикмеси менен жолуккан. Ал жыйынга Көлмө, Ак-Бата, Ак-Өргө, Ак-Тилек, Ынтымак, Ак-Босого, Келечек, Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарынын тургундары дагы катышкан.

"Эң орчундуу болуп турган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин талкууладык. Вице-мэр укуктук талаада жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн бардык шаар куруу документациясын жөнөкөйлөштүрүү керектигин белгиледи. Жер тилкелерин инвентаризациялоо жана жаңы конуштардын схемасынын бирдиктүү реестрин түзүү иштери мындан ары да улантылат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бүгүнкү күндө 47 конуштун 25инин схемасы түзүлүп бүткөнүн, калганын район акимдери "Бишкек башкы архитектурага" жакынкы күндөрү алып келиши керектигин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0