74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

© Sputnik / Алексей СухоруковГородская клиническая больница имени архиепископа Луки в Тамбове
Городская клиническая больница имени архиепископа Луки в Тамбове - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун калган эмес. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дагы эки гана орун бар.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алгандарды жаткыруу үчүн Бишкектеги бош оруну бар ооруканалардын тизмесин жарыялады.

6-ноябрь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, ордо калаадагы ооруканаларда коронавирус жана пневмониядан жабыркагандарды дарылоо үчүн 74 бош орун бар.

Кыргызстанда коронавирустан 84 медик көз жумган

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 3;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 0;
  • Улуттук хирургия борбору — 1;
  • Улуттук госпиталь — 4;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 4;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 3;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 13.
Жаңылыктар түрмөгү
0