Ак үйдүн тосмолорунун бир бөлүгү алынбайт. ЖКнын төрагасы себебин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековДемонтаж ограждения вокруг здания Жогорку Кенеша
Демонтаж ограждения вокруг здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, демонтаж кылууга үч-төрт күн же бир жума талап кылынат.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ак үйдүн имаратын курчап турган темир тосмолордун бир бөлүгү алынбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, түштүк-чыгыш тараптагы эки тосмо калат.

"Буларда 2010-жылы апрель окуяларында каза болгондордун тизмеси жазылган такта илинип турат. Андыктан алар тарых үчүн ушул жерде калтырылат", — деди Мамытов.

Бүгүн, 6-ноябрда, 20 жылдан бери Жогорку Кеңештин (Ак үй) имаратын курчап турган темир тосмолор алына баштады.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, демонтаж кылууга үч-төрт күн же бир жума талап кылынат. Тосмолор алынганы менен анын пайдубалы кала турганы айтылды.

Талкаланган Ак үйдүн чыгымдарын эсептөө үчүн комиссия түзүлдү

Буга чейин Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы да аны алып салууну сунуштаган.

Өлкөнүн башкы административдик имаратынын айланасындагы тосмо биринчи президент Аскар Акаевдин тушунда орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0