Бишкекте ооругандар көп. Коронавирус дагы 439 кишиден аныкталды

© REUTERS / BERNADETT SZABOСитуация в Венгрии на фоне пандемии COVID-19
Ситуация в Венгрии на фоне пандемии COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын жалпы саны 61 748ге жетти. Анын ичинен 52 855и ооруну жеңип, 1 170 адам кайтыш болду.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 439 кишиден табылып, 512 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Билдирмеге караганда, коронавирус жуктургандар Бишкекте көбүрөөк. Айыккандардын басымдуу бөлүгү дагы Бишкек менен Жалал-Абадда.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 166;
  • Ош – 17;
  • Чүй облусу – 55;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 11;
  • Ысык-Көл облусу – 45;
  • Жалал-Абад облусу – 52;
  • Баткен облусу – 52.

74 орун бош. Коронавирусту дарылаган ооруканалардагы акыркы абал

Айыккандар:

  • Бишкек – 118;
  • Ош шаары – 33;
  • Чүй облусу – 57;
  • Ош облусу – 77;
  • Талас облусу – 8;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 108;
  • Баткен облусу – 86.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталган учурлардын саны 61 748ге жетти. Анын ичинен 52 855и ооруну жеңип, 1 170 адам кайтыш болду.

Канды коюлантат. Коронавирус менен ооруганда жебей турчу азыктар аталды

Өткөн суткада бир медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле маалда 11 медиктин дартты жеңгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0