Ар дайым сөз эркиндиги болсун! Жапаров ЖМК өкүлдөрүн майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПринесение присяги членами правительства в госрезиденции "Ала-Арча"
Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артканын айтып, ЖМК өкүлдөрүнүн калыс маалымат жеткирүүсү коомдо маанилүү экенин белгилеген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өлкө башчынын милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн келе жаткан Басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артканын айтып, ЖМК өкүлдөрүнүн калыс маалымат жеткирүүсү коомдо маанилүү экенин белгилеген.

"Журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү. Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүүсү үчүн жасап жаткан бардык иш-аракеттерине дагы курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз. Коронавирус пандемиясы күч алып турган маалда аны менен күрөшүүдө журналисттердин өз кызматын так, жоопкерчилик менен аткарганы өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Мындан ары дагы мамлекеттик бийлик менен элдин ортосундагы өз ара байланышты жакындатып, чыңай бересиздер деп ишенем. Коомдун күзгүсү, жакшылыктар менен ийгиликтердин жана акыйкаттыктын жарчысы болууну уланта беришиңиздерге тилектешмин", — деп жазылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.

Ысык-суукта ач-ток болгон журналисттер. Медиа өкүлдөрүнүн иш учурундагы сүрөтү

Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнө бекем ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык ийгиликтерди каалап, Кыргызстанда ар дайым сөз эркиндиги жана ынтымак болушун тилеп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0