Ар бири 18 миң сом. Лейлекке чет өлкөдөн 40 койду мыйзамсыз ташыгандар кармалды

Жазылуу
Малды Кыргызстандын аймагына алып киргендер чек араны башка жол менен кесип өтүшкөн. Койлордун жалпы баасы 700 миң сомду түзгөн.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга Тажикстандан гиссар койлорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, чек ара кызматкерлери бүгүн Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылынан Mercedes-Benz 817 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны аныкташкан. Алар өлкө аймагына көзөмөл-өткөрүү жайынан эмес, башка жол менен киришкен.

"Чек арачылар жүк ташуучу автоунааны кармап, анда 40 гиссар кой бар экенин табышкан. Текшерүү учурунда кармалган КР жарандарынын уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Малдын жалпы баасы 700 миң сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

Казак чек арасына жашыруун кирген кыргызстандыкты дрон менен кармашты. Видео

Кармалгандардын документтери каттоого алынгандан кийин мал Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0