Бишкекте бүгүн кечинде кафе, ресторандарга рейд жүргүзүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовРазвод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур
Развод-инструктаж Бишкекского гарнизона с участием всех силовых структур - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук тамактануучу жайларда 50 конок тосууга гана уруксат берилген. Түнкү клуб жана көңүл ачуучу жайлардын ишине тыюу салынган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бүгүн кечинде Биринчи май райондук акимиаты коомдук тамактануучу жайларга, кафе, ресторан жана тойканаларга рейд жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия COVID-19 инфекциясынан коргонуу боюнча иш-чараларды күчөтүп жатканы айтылат.

"Бүгүн кечинде саат 19:00дөн тарта Биринчи май райондук акимиаты өзгөчө кырдаал режимине карабай массалык иш-чараларды өткөрүп жаткандарга карата рейд жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте тойканалар 15 күнгө жабылышы мүмкүн

Белгилей кетсек, учурда коомдук тамактануучу жайларда 50 конок тосууга гана уруксат берилген. Ал эми түнкү клуб жана көңүл ачуучу жайлардын иштешине тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0