ЖАМК Атамбаевдин абактан тартылган сүрөтү боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөт 5-ноябрь күнү болжол менен 16:10дор чамасында №47 колонияда Атамбаев башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевди абактан сүрөткө тартып алгандар айып изоляторуна киргизилгенин маалымдады.

Буга чейин социалдык тармактарда мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү тараган.

ЖАМК билдиргендей, сүрөт 5-ноябрь күнү болжол менен саат 16:10дор чамасында №47 колонияда, кечки текшерүүдөн кийин Атамбаев башка соттолгондор менен сүйлөшүп турган учурда тартылган.

"Текшерүү учурунда абакта жаткан 26 жаштагы кишиден телефон табылган. Ал буга чейин Кылмыш кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча 30 жылга эркинен ажыратылган. Жанында өзү менен жашташ дагы бирөө болгон. Ал дагы Кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык, 17 жылга соттолгон. Мурдагы ажону сүрөткө тартып жарыялаганы үчүн Жаза аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, алар айып изоляторуна 15 суткага киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

УКМК: Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү жайына которулду

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялаган болчу. Мындан улам аны №47 колонияга которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0