Кыргызстанда таштанды сатууга жардам берген тиркеме иштелип чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековТаштанды чыгарып жаткан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери. Архив
Таштанды чыгарып жаткан Тазалык ишканасынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктар беш килограммдан ашык таштанды (желим, айнек, макулатура жана башка) чогулткандан кийин тиркемеге жарыя калтырышат. Андан соң таштанды иштеткендер көрсөтүлгөн дарекке барып аны сатып алып кетишет.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте таштандыны сатууга жардам берген мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири Аймээрим Турсалиева билдирди.

Анын айтымында, азырынча бул сынамык долбоор. Шаардыктар беш килограммдан ашык таштанды (желим, айнек, макулатура жана башка) чогулткандан кийин тиркемеге жарыя калтырышат. Андан соң таштанды иштеткендер көрсөтүлгөн дарекке барып аны сатып алып кетишет.

Ал үчүн алгач колдонуучу Tazar тиркемесин телефонго жүктөп алышы шарт. Тиркемеде таштандыны сорттоо боюнча инструкция менен таанышып, андан кийин сырьёну жүктөп кетүү кызматын чакырышы керек.

"Биз бул долбоорду сынамык иретинде 5-ноябрдан тарта иштетип баштадык. Тиркеменин жардамы менен колдонуучу таштандыны сата алат, ал эми аны кайра иштеткендер үчүн кардар табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башкача айтканда, эгер таштанды иштеткен жеке ишкерлер болсо бул тиркеме аркылуу кардар таба алышат. Эгер долбоор жакшы иштеп кетсе, анда мэрия менен кызматташууну да сунуштайлы деген ой бар", — деди Турсалиева.

Якутияда мигранттар үчүн тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү

Турсалиева ушул эле тиркемеде таштанды алган пунктуларды көрсөткөн карта дагы бар экенин белгиледи. Мисалы, металл өткөрөм дегендер картадан өзүнө жакын пункттун дарегин таап, ал жакка барып таштандысын сатып, акча кылып алса болот.

Азырынча бул тиркеме Android колдонуучулары үчүн жеткиликтүү экени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0