Бишкекте коронавируска кабылгандар кайсы стационардан орун таба алат. Тизме

© AFP / ALFREDO ESTRELLAСтационардагы медицина кызматкери. Архив
Стационардагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаадагы Улуттук госпиталь менен Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында көп орундар бошогон. Айрымдарына бир-эки гана бейтап бара алат.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкектеги ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 163 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат саат 10:00гө карата берилди.

  • Улуттук фтизиатрия борбору — 2;
  • Улуттук хирургия борбору — 1;
  • Улуттук госпиталь — 66;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 14;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 2;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 32;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 23;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 12.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефон номерлерге чалып тактап алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0