Кыргызстанда коронавирустан 2 адам каза таап, 132си оор абалда жатат

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATОорукандагы бейтап. Архив
Оорукандагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 3 445 бейтап ооруканаларда жатса, 3 645 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, үй шартында дарыланууда.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында эки адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Алар Ош облусундагы ооруканада дарыланып жатышкан. Ушуну менен өлкө боюнча COVID-19дан көз жумгандардын саны 1 172 адамга жетти.

Бишкекте коронавируска кабылгандар кайсы стационардан орун таба алат. Тизме

Учурда 3 445 бейтап ооруканада жатат. Алардын ичинен:

  • Канааттандырарлык абалда — 51;
  • Орточо оор абалда — 2293;
  • Оор абалда — 969;
  • Өтө оор абалда — 132;

Мындан сырткары, 3 645 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0