Коронавируска тест жасоо үчүн анализ алып жаткан лаборатория кызматкери. Архив

Бир күндө 556 адамдан COVID аныкталды. Акыркы статистика

112
(жаңыланган 12:59 07.11.2020)
Пандемия башталгандан бери вирус жуктургандардын саны 62 304 адамга жетип, анын ичинен 53 406 киши ооруну жеңип чыкты.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Өлкөдө кечээтен бери 551 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ошол эле учурда 556 кыргызстандык оору жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан айыккандар:

  • Бишкек – 143;
  • Ош облусу – 95;
  • Жалал-Абад облусу – 83;
  • Чүй облусу – 75;
  • Баткен облусу – 72;
  • Ысык-Көл облусу – 42;
  • Ош шаары – 20;
  • Нарын облусу – 12;
  • Талас облусу – 9.

Пандемия башталгандан бери 53 406 киши өпкөнү сезгенткен ооруну жеңип чыкты.

Кыргызстанда коронавирустан 2 адам каза таап, 132си оор абалда жатат

Бир сутка ичинде COVID-19 жуктуруп алгандар:

  • Бишкек – 160;
  • Чүй облусу – 95;
  • Жалал-Абад облусу – 91;
  • Ош облусу – 54;
  • Баткен облусу – 50;
  • Ош – 42;
  • Ысык-Көл облусу – 40;
  • Талас облусу – 17;
  • Нарын облусу – 7.

Ушуну менен коронавирус жуктургандардын саны 62 304 адамга жетти.

Ал эми өткөн сутканын аралыгында оору менен күрөшкөн беш медицина кызматкери вирусту илештирип алганы аныкталды. Ошол эле маалда ооруканадан жети, үй карантининен беш ак халатчан айыгып чыккан.

Жалпысынан өлкө боюнча 3 640 медик COVID-19 жуктуруп, алардын ичинен 3 410у сакайды.

112
Белгилер:
илдет, оору, жуктуруу, айыгуу, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1461)
Тема боюнча
Бишкекте коронавируска кабылгандар кайсы стационардан орун таба алат. Тизме
Кыргызстанда коронавирустан 2 адам каза таап, 132си оор абалда жатат

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

10
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

10
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

Токтоо тартып, окуяга сүңгүп кирип... Үмөттүн манас айткан видеосу

22
(жаңыланган 19:24 05.12.2020)
Жумурай журтка таанымал жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов Sputnik агенттигине Семетейдин Таласка келип Бакайга жолуккан жеринен үзүндү айтып берди.

Үмөт бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Ал редакцияга берген маегинде акыркы кезде эмне менен алектенип жүргөнүн, жаштардай интернетке көп кирбей турганын, режиссёр болсо Саякбай манасчы тууралуу тасма тартарын айтып, кичирээк чакта эсте калган учурлары жөнүндө кеп кылды. Кененирээк Sputnik даярдаган интервьюдан окуй аласыз

22
Белгилер:
Талас, Семетей, өнөр, манасчы, Манас, Үмөт Болот уулу
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт
Табият кырсыгынан тарта манасчы Дөөлөт жана дрондор шоусуна чейин. Апта ирмеми