Сурабалдиева: пайдасы жок хлор сатып алууга тыюу салдым

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаВице-премьер, Республикалык штабдын башчысы Эльвира Сурабалдиева. Архив
Вице-премьер, Республикалык штабдын башчысы Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын орун басары Эльвира Сурабалдиева Республикалык штабды жетектейт деген чечим 2-ноябрда чыкканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бийлик коронавирустун жайылышын алдын алууда мындан ары хлор сатып алууга каражат коротпойт.

Бул тууралуу вице-премьер, Республикалык штабдын башчысы Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасы аркылуу кабарлады.

"Мен пайдасы жок хлорду колдонууну жокко чыгардым. Ага мамлекеттен канчалаган миллион кетти. Бүгүндөн тарта вирус менен күрөшүүдө ал каражат сатып алынбайт", — деп жазган Сурабалдиева.

Республикалык штабды Эльвира Сурабалдиева жетектемей болду

Эске салсак, жайында "Бишкекте пневмония илдети дезинфекциялоо чараларынан улам күч алды" деген кабарлар социалдык тармактарда жана мессенджерлерде тарап кеткен.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев хлордон ууланып пневмонияга кабылган учурлар жок экенин айткан.

Sputnik Кыргызстан бул маселе боюнча адистердин пикирин уккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0