Кебетемди көрсөм эле кыжырым келе берет. Өзүн кемсинте берген келиндин каты

CC BY 2.0 / Raul Villalon / Күзгүнүн жанында турган кыз. Архив
Күзгүнүн жанында турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет ички сезимдери менен бөлүшкөн айымдын каты жарыяланды.

Саламатсыңарбы! Мени кыжалат кылган бир сезим бар, андан такыр арыла албай койдум. Буга байланыштуу психологдон жардам сурап көрүүнү чечтим. Адамдар арасында өзүн абдан баалагандар болот экен. Мен ошолордой боло албай койдум.

Үй-бүлөм, уулум бар. Жашым 30да, келбетим деле эл катары. Күйөөм жакшы көрөрүн айтат. Бирок өзүмдү өзүм басмырлаган комплекстен арыла албай койдум.

Жакында эле иним үйлөнүп, ресторанда чоң той берген. Салондон жасанып, жакшынакай көйнөк кийип бардым. Бирок кийин өзүмдү видеодон көрүп алып аябай уялдым. Ар бир кыймылыма кыжырым келди. Кебетем, кыймылдаганым, өзгөчө бетимдеги мимикаларым өөн учурады. "Ии, уялбай кантип ушул кебетем менен эл аралап жүрдүм. Башкалар деле байкады го" деп өзүмдү жедим. Чынын айтсам, видеону акырына чейин көрө албай койдум. Эсимде, университетти аяктаганда да бүтүрүү кечесиндеги видеону көрүп, кийин жолдошум көрүп шылдыңдабасын деген ойдо дискти сындырып салгам.

Негизи сүрөткө түшкөндө да өзүмдү жактырбай, кемчилигимди издей берем. Жанымдагылардын баары сонун түшкөндөй сезилет. Жакын курбума сүрөтүмдү көргөзсөм "сен деле жакшынакай түшүпсүң" деди. Деги эмнеге ушундаймын, кеңеш бериңиздерчи.

Мурат Султанбеков, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси:

— Өзүнө өтө төмөн баа берип, сын көз менен караган мүнөз адамдын кичинекей кезинен берки тарбиясынан калыптанат. Кыргыздар көбүнчө "Кебетеңди карачы, эл көрсө эмне дейт, шалбырабай түздөн! Антпе, минтпе" деп баланы көп тыябыз. Чоңойгон сайын адамда өзүн өзү сындоо, баалоо сезими калыптанат. Кагып-силкүүгө кабылган бала кийин канчалык эрки күчтүү, ийгиликтүү болсо да бат эле сынып, чөгүп кетиши мүмкүн. Адамга кечке эле негатив айта берсең, ал бара-бара ошого ишене баштайт. Ошондуктан ар бир адам өзүнө болгон баасын анализдеши керек. Коомчулуктун сиз жөнүндөгү пикири дайыма эле бирдей эмес экенин түшүнүү зарыл.

Кызым менен өгөй атасынын урушу беймаза кылчу болду. Аялдын каты

Каттын ээсинин мындай сезимге кабылышына түрдүү факторлор себеп болушу мүмкүн. Балким, үй иштери менен жүрүп өзүн карабай калгандыр же өзүнө болгон талабы күч. Муну өзү менен сүйлөшүп отуруп талдоо кажет.

Бир чети адам өзүнө катуу талаптарды коюп алуунун дагы жакшы жактары бар. Ал жаман сапаттардан ары болуп, тобокелге баруудан же жаман иштерди жасоодон сактайт. Ошондой эле өзүн сындай билген, баалай билген адамдар эч качан уурулукка же суицидге барбайт. Бирок адамдын ички сезимдери бири-бири менен гармонияда болушу абзел. Анткени өзүн өтө сындоонун жаман жактары да бар. Ашыкча талап коюп, өзүн өзү басынта берсе көп нерседен кол жууп калышы мүмкүн. Мындайлар алдыда турган ийгиликти багынта албай, максатынан тайып кетиши ыктымал. Өзүн жей берип депрессияга да бат кабылат.

Ошондуктан сиз отуруп алып өзүңүздөгү жакшы сапаттарды санап чыгыңыз. Жакындарыңыз жаныңызда экенине ыраазы болуп, алты саныңыздын амандыгына шүгүр келтириңиз. Сизди бирөө кагып же кемчилигиңизди айтса жүрөгүңүзгө жакын кабыл албаңыз. Тескерисинче, анализдеп, катаңыз болсо оңдоп кетүүгө аракет кылыңыз.

Өзүн өзү критикалай берүүдөн бир күндө арылууга мүмкүн эмес. Көп убакыт талап кылынат. Эң жакшысы — психологго же психотерапевтке кайрылуу. Өзүңүздү сүйгөндү үйрөнүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0