Эл алдында басынткысы келишти. Атамбаевдин сүрөтү боюнча уулу үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ социалдык тармактарда мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин абакта бир нече киши менен турган сүрөтү тараган. ЖАМК кадрды түрмөдө отургандар таратканын айткан.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү интернетке чыгып кетиши боюнча уулу Сеид Атамбаев үн катты.
Ал билдирүүсүн Facebook баракчасына жүктөгөн.

Сеид Атамбаевдин пикиринде, бул экс-президенттин эл алдында беделин түшүрүү аракети болушу мүмкүн.

"Кечээ атамдын №47 абакта түшкөн сүрөтүн жарыялашты (аны түрмөдө отургандардын бири тартып алган имиш). Бирок мен буга ишенбейм, анткени бул экс-президентти эл алдында басынтуу аракети болду. Ал өлкөбүздүн өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн көп иш жасады. Убакыт жана тарых баарын ордуна коёт. Атам ар дайым өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланып, чыныгы оппонент экенин көрсөттү. Мен атам менен сыймыктанам, бул күндөрдүн да өтөрүнө ишенем!", — деген Атамбаевдин уулу.

Ошондой эле ал колдогондордун бардыгына ыраазычылык айткан.

Кечээ социалдык тармактарда мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевдин абакта бир нече киши менен турган сүрөтү тараган.

Жапаров: оюма койсо Атамбаевди үй камагына чыгармакмын

ЖАМК бул боюнча үн катып, Атамбаевди тартып алгандар айып изоляторуна киргизилгенин маалымдаган.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан №1 тергөө абагына которулган. Буга байланыштуу мурдагы президент ачкачылык жарыялаган болчу. Мындан улам аны №47 колонияга которушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0