Маек өткөзүү. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда карьералык кадрлар резерви түзүлүүдө. Курамына кирүү шарттары

199
(жаңыланган 11:38 08.11.2020)
Улуттук жана карьералык кадрлар резервинде турган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку жана башкы, өзгөчө тартипте дайындала турган бош кызмат орундарына дайындоого сунушталат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы Карьералык кадрлар резервин түзүүгө киришти. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Резерв Улуттук кадрлар резервинен, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ички кадрлар резервинен, ошондой эле тажрыйбалуу, квалификациясы жогору жетекчилерден, адистерден, жаштар өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Кадр кызматынын башчылыгына мурдагы вице-премьер барды

"Тандоо учурунда өлкөнү өнүктүрүү үчүн иштей турган жаш муунга өзгөчө басым жасалат", - деп айтылат маалыматта.

Резервге кирүү шарттары:

  • Кыргыз Республикасынын жараны;
  • тажрыйбалуу жана квалификациясы жогору жетекчи жана адис;
  • жаштардын өкүлү;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундары үчүн конкурсттук тандоо процедурасына өткөн эмес болсоңуз;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча дайындалган эмес болсоңуз.

Конкурска катышуу үчүн керек документтер:

  • форма боюнча жеке арыз /public/images/file_library/2020110623191210.docx;
  • форма боюнча сүрөтү менен кошо резюме /public/images/file_library/2020110618054215.docx ;
  • негизги жана кошумча билими бар экендигин тастыктоочу документтердин көчүрмөсү, нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди Мамлекеттик кадр кызматына 2020-жылдын 1-декабрына чейин тапшыруу керек (Чүй пр., 122, 314-каб).

199
Белгилер:
карьера, резерв, Мамлекеттик кадр кызматы
Тема боюнча
Жапаров кадрларды "атамбаевчи", "бакиевчи" деп бөлбөөгө чакырды
Тааныш-билишти жоебуз! Президент кадр тандоонун жаңы ыкмасы ишке киргенин айтты
Бишкектин Арча-Бешик конушуна көрүнүш. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

6
6-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 6-декабрь күндүз өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көл өрөөнүндө -2…+3, Нарында -1…-6 градусту көрсөтөт.

Ош жана Бишкек шаарларында кар жаабайт. Күндүн табы борбордо -1…-3, Ош шаарында +1…+3 градус жылыйт.

6
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы

Майды аз ичкен өтүмдүү автоунаалардын баасы. Инфографика

71
(жаңыланган 19:51 05.12.2020)
Sputnik Кыргызстан унаа базарларындагы бааларды карап чыгып, майды аз ичкен жеңил автокөлүктөрдүн орточо наркын эсептеди.

Агенттик autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына таянды. Бул жактагы баалар бири-биринен дээрлик айырмаланбайт. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн ар бир автонун Улуттук банктын 4-декабрдагы курсу менен белгиленген баасын киргиздик.

Эл көп алган 10 автоунаа төмөнкүдөй болду:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Mazda Demio;
  • Volkswagen Golf;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Тизмедеги эң арзан машина Lada 2107 болду. 2001-жылы чыгарылган үлгүсү 1 179 доллар деп бааланууда. Экинчи орунда Daewoo Matiz турат, колдон 1 754 долларга сатып алууга болот. Эң кымбаты — Toyota Prius. 2010-жылы чыгарылганы 9 670 доллар турса, ал эми 2014-жылкысы 11 147 доллардан сатылууда.

71
Белгилер:
май, Кыргызстан, базар, баа, автоунаа
Тема боюнча
Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

Димаштын сагынычы... Ырчы пандемиядан кийин кезектеги шедеврин тартуулады. Видео

0
(жаңыланган 21:06 05.12.2020)
Казакстандын дүйнөгө таанымал ырчысы Димаш Кудайберген коронавирус пандемиясынан берки топ жарган ырын жарыкка чыгарды.

"Я скучаю по тебе" аттуу жаңы ырын Москвадагы "Жаңы жылдык көгүлтүр оттун" видео жаздыруусунда аткарган. Анын автору композиторлор Игорь Крутой менен Игорь Николаев.

ЖМКлар Димаш туура тогуз айдан соң сахнага кайтканын жазышты. Анын чыгармасын бир күндө эле 45 миңден ашуун киши укккан.

0
Белгилер:
чыгарма, ыр, Димаш Кудайберген, Казакстан
Тема боюнча
Эркектей болуп ырда! Димаш бала кезинде шылдыңга кабылганын айтып берди