Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров эртең Нарын облусуна барат

140
(жаңыланган 12:23 08.11.2020)
Өлкө башчысынын милдетин аткаруучу иш сапарынын алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров эртең, 9-ноябрда, бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ошто Садыр Жапаров эмнеге миңдеген элди жыйнап жолугуп жатканын айтты

Жапаров облустагы социалдык объектилерди жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарындын эли менен жолугушат.

140
Белгилер:
жолугушуу, иш сапар, өкмөт башчы, президент, Садыр Жапаров, Нарын
Тема боюнча
Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду
Эси үйдүн бузуусу. Архив

Бишкектин чок ортосундагы эскилиги жеткен 4 имарат түрттүрүлөт. Тизме

31
(жаңыланган 16:45 04.12.2020)
Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен эски имараттарды жаңылоо пландалып жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы эски административдик имараттарды бузуп ордуна жаңысын салуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен ишке ашыруу пландалууда. Министрлик кызыкдар болгон жеке курулуш компанияларын иштешүүгө чакырган жарыя тараткан. Азырынча төрт объектини түрттүрүү пландалып жатат. Жаңы имараттар курулуш компанияларынын эсебинен салынып, 30 жылга чейин алардын колдонуусуна берилет. Бул мөөнөт аяктаган соң имарат мамлекеттин балансына өтөт.

Авариялык абалдагы имараттардын тизмеси:

Раззаков, 17 дарегинде имарат 1940-жылы курулган. Аянты — 0,135 гектар. Аймагында эки кабаттуу эки имарат бар. Биринчисинин жалпы аянты 392,5 чарчы метр болсо, экинчисиники 378,1 чарчы метр. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, объект бош.

Мэриянын маалыматына караганда, бул жерге көп кабаттуу имарат курууга болбойт. Себеби өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө жол жок болуп калат. Аянтты эске алуу менен ал жерге үч кабаттан ашпаган объект салуу сунушталат.

Гоголь, 94 дарегиндеги имарат дагы бош турат. Ал 1958-жылы курулган. Аянты 0,1392 гектар. Мында бир кабаттуу негизги имарат жана 146,6 чарчы метр жерди ээлеген курулуш бар. Мэрия бул жерге дагы үч кабаттан ашпаган имарат курууга болорун эскертти.

Бөкөнбаев, 182 дарегинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кеңсеси жайгашкан. Имарат 1937-жылы салынган. Жердин аянты 0,2130 гектар. Эки кабаттуу имараттын аянты 890,4 чарчы метр. Ал эми жанындагы курулуштун аянты 148,2 чарчы метр. Мэрия бул жерге тогуз кабаттуу имарат курса болорун болжоп жатат.

Раззаков, 43 дарегинде Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жайгашкан. Имарат 1950-жылы курулган. Жердин аянты 0,0618 гектар. Ал эми негизги имараттын аянты 516,3 чарчы метр. Жанындагы курулуштуку — 79,5 чарчы метр.

Эгер жеке уюмдарда кандайдыр бир сунуш болсо (0312) 66-47-31 (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору) же (0312) 66-07-39 (Мамлекеттик имараттар департаменти) номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

31
Белгилер:
түрттүрүү, имарат, Бишкек
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин имаратынын өрттөлүп, талкалангандан кийинки көрүнүшү. Видео
Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмеси жарыяланды
Персональный идентификационный номер (ПИН) на биометрическом паспорте гражданина КР. Иллюстративное фото

ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп

55
(жаңыланган 16:25 04.12.2020)
Азыр Каттоо кызматы, Соцфонд, Салык кызматы же банктарга барсаң, дароо ПИН сурашат. Аны текшерте келгенде бир эле адамдын эки-үч номер чыгып калышы толук ыктымал.

Эмне себептен бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калат, аны оңдотууга канча убакыт кетет, дегеле ПИН (Персоналдык идентификациялык номер) деген эмне экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов айтып берди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Бул номерде ар бир жарандын жекече маалыматы камтылган. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди ала алат.

ПИН кайсы учурда керек болот?

Персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматына, Салык кызматына, Соцфондго жана банктарга барганда керек болот. Кайрылган адамдын аты-жөнүн сураганда андайдан төрт-бешөө чыгып калышы ыктымал. Ал эми мыйзам боюнча ПИН бир адамда бирөө гана болушу шарт. Ошол себептен жеке номерин сурап, андан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурлар катталууда. Себеби эмнеде?

Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган.

Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган.

Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен.

ПИН берүү функциясын Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган.

Себеби паспорт жана башка документ алууда биринчи кезекте ПИНи такталат. Ал аркылуу ошол жарандын маалымат базасы текшерилет. Бир нече ирет берилип кеткен ПИНдерди оңдоп, текшерүү үчүн кызматтын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Мыйзам боюнча бир адамда бир эле персоналдык идентификациялык номери болушу шарт. Ошол себептен атайын комиссия анын баарын тактоодо.

Эгер эки же андан көп ПИН бар болсо, ал канча убакытта оңдолот?

ПИНди текшере турган комиссия жумуштун баарын жабык эшик артында жасайт. Себеби алар ар бир адамдын жеке маалыматын бирден текшерип чыгышат. Алсак, айрымдарынын туулган жери же жылы туура эмес жазылып калган болот. Же болбосо туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорттогу маалыматтар дал келбей калат. Комиссия мунун баарын текшерип чыкканга чейин 10 күн керектелет.

Комиссиянын курамында сегиз гана киши иштейт. Ал эми идентификациялык номер боюнча мамлекеттик каттоо кызматына күнүнө 400-500 арыз келип түшөт. Буга чейин комиссияда беш гана адам иштечү. Бирок жумуш көбөйгөндүктөн дагы үчөө кошулган. Арыз көп, киши аз болгондуктан да ПИНди берүү мөөнөтү узарып кетүүдө.

Негизи 10 күндүн ичинде такталган ПИН берилиши шарт. Азыркы тапта комиссияда 4 800 туура эмес ПИН турат.

Эгер андан көп убакыт өтүп кетсе эмне кылуу керек?

ПИНди оңдоо бир айга чейин созулуп кеткен фактылар катталган. Адатта эскирип, жазуусу өчүп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү текшерүүгө көбүрөөк убакыт кетип калат. Ошол себептен эки жумадан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Бирок 10 күндүн ичинде бүтүрүүгө аракет кылышат. Кокус ал убакытта номер колго тийбей калса, жарандар Каттоо кызматынын 62 41 40 ишеним телефонуна чалса болот. Бүгүнкү күндө 200 000 ашык ПИН өзгөртүлүп, оңдолду.

ПИНди текшертүү үчүн кайда кайрылуу керек?

Персоналдык идентификациялык номерди текшертүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу керек. Кокус эки же үч ПИН чыгып калып же аты-жөнү боюнча ката кездешсе, жаран ошол жерден арыз жазат.

Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет өлкөдөгү тийиштүү мекемелерде ишке ашырылат.

Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.

ПИН алуу үчүн кандай документ керек? (18 жашка толгондорго)

Бекитилген форма боюнча арыз;

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;

Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.

55
Белгилер:
текшерүү, документ, каттоо кызматы, каттоо, маалымат, жеке иш
Тема боюнча
104 жаштагы байбиче паспортун алмаштырды. Кочкордо калкты тейлөө борбору ачылды
Жапаров паспортко "улуту" деген графа кайра киргизилерин айтты
Кыргызстанга чоочун бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет кылган аял кармалды
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев. Архив

Бөрүбашев: парламентаризмди тандаган күндө да Конституцияны өзгөртүү керек

0
(жаңыланган 16:44 04.12.2020)
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Эгер референдумда жарандар парламенттик башкаруу формасына добуш бере турган болсо, азыркы Конституцияны баары бир жаңыртуу керек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Эл 10-январда "бизге парламенттик башкаруу керек" деген күндө дагы азыркы Конституцияны жаңыртуу зарыл. Бул Баш мыйзамдын көп кемчиликтери бар. Ал кемчиликтерди парламенттик башкаруу формасын колдоп жаткандар да, биз дагы билебиз. Башкаруу формасы боюнча маселе Конституцияда бир нече маселелердин бири гана", — деди Бөрүбашев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоорунун автору — Акылбек Жапаров. Эгер ал кабыл алынса, анда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкарууну тандашат.

Мыйзам долбооруна добуш берүү азырынча боло элек.

0
Белгилер:
президент, парламент, башкаруу, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
"Атаңа, энеңе бар" кылбайлы. Депутат Ормонов референдумду тездетүүгө чакырды
ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот