Бишкекте коронавируска чалдыккан бейтаптарга 150дөн ашык орун бар. Тизме

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүРабота ковид-госпиталя в Евпатории
Работа ковид-госпиталя в Евпатории - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетти жуктуруп алгандар Улуттук фтизиатрия борборуна барып убара болбошу керек. Себеби ооруканада бир дагы бош орун жок.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги стационарларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 155 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымат саат 12:00гө карата берилди.

  • Кыргыз-түрк ооруканасы — 2;
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Улуттук госпиталь — 44;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 13;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 0;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана — 15;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 27;
  • Темир жол ооруканасы — 7;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 25;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 7;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 11.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн телефон номерлерге чалып тактап алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0